ЫМУнун студенттери Олимпиада катышуучуларын куттукташты

2021-жылдын 24-25-мартында Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде областтык олимпиаданын 2-этабы өткөрүлүүдө. Сынактын экинчи күнүндө К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери жана окуу жайдын “Асылжан” бийчилер тобу олимпиадага талыкпай даярданып катышкан окуучулардын көңүлдөрүн көтөрүп, мотивация берүү максатында чакан концерт уюштурушту. Иш-чарада Президенттик стипендиянын ээлери жана колледждин активдүү студенттери дагы катышып, окуучуларга куттуктоо сөздөрүн арнап, университетте алган билимдери жана аткарып жаткан илимий, коомдук иштери жөнүндө сөз кылышты. Концерттин соңунда, колледждин директору, доцент Г.И. Абыласынова, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы К.А.Арбаев, орус филология жана адабияты кафедрасынын башчысы У.К.Кадыркулова олимпиада катышуучуларына университет, колледж, адистиктер жана алардын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берип, ийгилик каалап өтүштү.

Leave a Comment