Урматтуу окуу жайдын абитуриенттери, студенттери, бүтүрүүчүлөрү, окутуучулары жана кызматкерлери!

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин сайтына кош келдиңиз!

2020-жылы университетибиздин түптөлгөнүнө 80 жыл болду. Педагогдорду даярдоочу эки жылдык мугалимдер институту катары түзүлгөн алгачкы жылдардан тартып, биздин университет педагогика, экономика, туризм, жогорку математика, маалымат технологиялары, табигый илимдер, физика жана технология, филология жана чет тилдер жаатында адистерди даярдаган өлкөдөгү эң ири окуу жайлардын бирине айланды.

Университетибиздин негизги максаты өз ишин мыкты билген жана ар кандай кырдаалда компетенттүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп келет. Бүгүнкү күндө дагы университеттин профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер жамааты студенттердин сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө бүтүн күч- аракетин жумшоодо.

Азыркы учурда университеттин бүтүрүүчүлөрү ар тармактагы ишканаларда жана уюмдарда, Кыргызстандын министрликтеринде, ведомстволорунда жана жогорку бийлик органдарында эмгектенип келишет. Университет сыймыктанган, Кыргызстанга гана эмес, чет өлкөлөргө да таанымал бүтүрүүчүлөр: академиктерибиз Ж.Жээнбаев, Б.Орузбаева, А.Карыпкулов, ошондой эле белгилүү окумуштууларыбыз: Э.Маанаев, И.Бийбосунов, А.Орусбаев, А.Токтосопиев, С..Абдуллаев, К.Добаев, К.Абдылдаев, Н.Мааткеримов, Социалисттик Эмгектин Баатырлары: К.Мамбеталиев, Ш.Шүкүрбаева, СССРдин эл мугалими: Ж.Үтүров, Кыргызстандын эл мугалими Ж.Өзүбекова, эмгек сиңирген мугалимдер: А.Ахматов, Х.Ахметова, А.Кангелдиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: Ж.Сааданбеков, Ж.Каныметов, А.Абдурехменова, Т.Мамытов, Т.Ишемкулов, А.Нарынкулов ж.б. бар.

Эл аралык кызматташтык университеттин ишмердүүлүгүнүн алдыңкы багыттарынын бири. Студенттер жогорку билим тууралуу Кыргызстандын диплому менен катар чет өлкөлүк өнөктөш университеттин дипломун алууга, ошондой эле академиялык мобилдүүлүккө, эл аралык илимий жана билим берүү долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бүгүнкү күндө ЫМУнун жаңы имиджин жаратуу, заманбап тез өзгөрүп жаткан дүйнөнүн бардык талаптарына жооп берген жаңы типтеги университет катары  калыптандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Окуу жайдын бүтүн эмгек жамааты структуралык, илимий жана билим берүү саясатын приоритеттүү милдеттерге басым жасоо менен, ошол эле учурда, анын узак тарыхын жана салтын эске алуу менен, кайра түзүү иштеринин үстүндө эмгектенүүдө. Эртеңки К.Тыныстанов атындагы ЫМУ – жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү, бүткүл өлкөнүн көтөрүлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон адистерди тарбиялоочу, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү сыймыктанган окуу жай, Кыргызстандын илимий жана жогорку билим берүү жаатында лидер!  Биз тарыхыбызды сыймыктануу менен эстейбиз жана келечек үчүн талыкпай эмгектенебиз!

Урматым менен,
ЫМУнун ректору
Иманбаев Аскар Асангазиевич
Педагогикалык илимдеринин кандидаты, доцент