Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультети


Факультеттин тарыхы

Физика-техникалык факультети – К.Тыныстанов атындагы ЫМУда 80 жылдык тарыхы бар факультет. Факультет өзүнүн
аудиториясынан мектептин мугалимдерин гана эмес, илимдин кандидаттарын, докторлорун, ал тургай Кыргызстандын
Улуттук академиясынын президентин дагы даярдап, уядан учургандыгы менен сыймыктана алат.

1940-жылы Пржевальск мугалимдер институту ачылганда физика жана математика кафедрасы түзүлгөн.


Исаков Б. – Көчөрбаев Т. декандын орун басары – «Физика» кафедрасынын башчысы, Стамов Б.
– Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, Казакбаев М. – физика факультетинин деканы, Утуров Ж. –
СССРдин эл мугалими, Панпанза И. –  ф.-м.и.к, доцент
«Эксперименталдык теоретикалык физика» кафедрасынын башчысы, Мааткеримов Н. – п.и.к., доцент
«Физиканы окутуунун методикасы» кафедрасынын башчысы, Калдыбаев К. – ф.-м.и.к., доцент «ОТД» кафедрасынын башчысы, Кожобаев Т. –
окутуучу.

1971-жылы кафедра бөлүнүп, «Физика» адистигинин базасында өзүнчө факультет уюшулган. Бул структуралык бөлүм
1998-жылы физика-техникалык факультети болуп өзгөртүлгөн.

 

Парадда физика факультетинин окутуучулар жамааты, 1-май, 1974-жыл

 

Профессордук-окутуучулар жамааты, 1981-жыл.

  • 1958-1974-ж.ж. факультеттин деканы – т.и.к., доцент Казакбаев М.К.;
  • 1974-1976-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Көчөрбаев Т.;
  • 1976-1986-ж.ж. факультеттин деканы – т.и.к., доцент Казакбаев М.К.;
  • 1986-1988-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Калдыбаев К.А.;
  • 1988-1992-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Майрыков А.М.;
  • 1992-1993-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Арботоев О.М.;
  • 1993-1997-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Рыскулов А.Р.;
  • 1998-жылы факультет физико-техникалык факультет болуп өзгөрдү.
  • 1998-2001-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Шаршеев К.Ш.;
  • 2001-2003-ж.ж. факультеттин деканы – т.и.к., доцент Аканов Д.К.;
  • 2003-2005-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Шаршеев К.Ш.;
  • 2006-2008-ж.ж. факультеттин деканы – п.и.к., доцент Чыныбаев Р.Р.;
  • 2008-2009-ж.ж. факультеттин деканы – ф.-м.и.к., доцент Жамангулов А.А.;
  • В 2009-2019-ж.ж. факультеттин деканы – п.и.к., доцент Абдулдаев Д.А.

Азыркы учурда факультетти ф.-м.и.к., доцент Чыныбаев Р.Р. жетектейт.

Факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты:

  • Илимдин докторлору – 2
  • Илимдин кандидаттары – 12
  • Ага окутуучу – 1
  • Окутуучу – 9
  • Окууга жардамчы кызматкерлер – 8

Илимий даражасы бар окутуучулар 58 % түзөт.

Факультетте 2 бүтүрүүчү кафедра иштейт:

    1. «Физика жана
      электркамсыздоо» кафедрасы- каф.башчысы, ф.-м.и.к, доцент  Садыкова Э.З.

 

  1. «Машина таануу жана
    автомобилдик транспорту» кафедрасы- каф. башчысы доцент Такырбашев А.Б.

Физика-техникалык факультети адистерди даярдоо үчүн жакшы жабдылган материалдык-техникалык базага ээ: 1
илимий борбор, 21 лабораториялык кабинеттер, интернет-класс, 1 электрберүү боюнча полигон (ЛЭП), жыгач жана
темир иштетүү боюнча 2 устакана окуу процессине кызмат кылат.

 

Факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты, 2019-жыл