Эл аралык байланыштар






      Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн негизги Миссиялары болуп төмөнкүлөр саналат:
  • Эл аралык аренада университеттин аброюн жогорулатуу жана чыңдоо.
  • Билим берүү жана илимий-изилдөө ишинин натыйжаларынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жетишүүгө багытталган университеттин негизги стратегиялык милдеттерин ишке ашыруу.
  • Түзүлүп жаткан эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын санын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
  • Кызматташуу боюнча долбоорлордун, протоколдорун, чет өлкөлүк окуу жайлары, уюмдары жана фирмалары менен келишимдерди даярдоо.
  • Университеттин студенттери, кызматкерлери жана окутуучулары үчүн чет өлкөлүк университеттер менен алмашуу программаларын ишке ашыруу.
  • Маалыматтык-аналитикалык активдүүлүк – изилдөө, талдоо жана студенттерге, окутуучуларга жана кызматкерлерге гранттар, конкурстук программалар жана чет өлкөлөрдө окуу тажрыйбасын, илимий-изилдөө иш-чараларын алуу үчүн башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды берүү.
  • Эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү: конференциялар, семинарлар, фестивалдар, лекциялар, эл аралык жайкы мектептер.
  • Чет өлкөлүк өнөктөштөрдү (эксперттерди, адистерди, окутуучуларды) кабыл алууну уюштуруу, маданий программаны, экскурсияларды уюштуруу.
  • Биргелешкен эл аралык долбоорлорго катышууга табыштамаларды даярдоо боюнча жумушчу топтордун ишин координациялоо, өтүнмөлөрдү даярдоодо техникалык колдоо жана консультация берүү.