Педагогика факультети


 

Педагогикалык факультети карт тарыхы бар факультеттердин бири. Алсак, 1959-жылы музыкалык-педагогикалык факультет ачылып, бул факультетте эки кафедра: «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» жана «Музыка» кафедралары түзүлгөн. Ошол убакта абдан керектүү болгон кесиптерди, б.а., башталгыч класстардын жана музыка мугалимдерин даярдашкан. Кафедралар өзүнүн аудиториясынан мыкты, өз кесибин сүйгөн мектептин мугалимдерин даярдап, жылдан-жылга студенттердин саны артып, Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы кафедрасы 1977-жылы өз алдынча факультет статусуна ээ болгон. Алгачкы деканы болуп доцент С.Ыбыкеев дайындалган. 1985-жылдын аягынан баштап факультетти А.Сарбагышев жетектеген. 1988-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институту Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалына айландырылган. Орус тили жана адабияты факультетинин ордуна педагогикалык факультет түзүлүп, анда эки кафедра ачылган: кыргыз тили жана адабияты жана мектепке чейинки педагогика жана методика. Бул факультеттин деканы болуп доцент А.Мансуза дайындалган. 1994-жылы башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы факультети филология факультетинин курамына кирип, факультет болбой калган. Андан ары факультет филология, педагогика жана искусство факультети болуп өзгөртүлүп, факультеттин деканы болуп, ф.и.к. профессор А.Т.Дунканаев дайындалган. 2021-жылда ЫМУнун ректорунун №78 буйругунун негизинде факультет өзүнүн түпкү максатына жетип, Педагогикалык факультети деп кайрадан түзүлүп, анын курамына 4 кафедра киргизилген. Факультеттин деканы доцент, ф.и.к. Анапияева Асел Абдысатаровна.

Факультеттин профессордук-окутуучулар курамы 52 адамдан турат, анын ичинен 12 илимдин кандидаты, анын ичинде профессор – 1, доцент -9, 2 илимий даражасы жок доцент, 2 эл сүрөтчүсү, 40 окутуучу. Факультеттин илимий даражасы 23%ды түзөт. Кафедранын кызматкерлери студенттерди окутууда жана тарбиялоодо жогорку чыгармачылык, илимий-методикалык изденүүчүлүк, бекем ынтымак жана үлгүлүү ишмердүүлүктү көрсөтүп келишет.

Факультет университетибиздин ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымы менен сыймыктанат, анткени университетибиздин мыкты адистерин даярдоодо маанилүү роль ойнойт.