Айдоочуларды даярдоо курстары

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин автомектеби 2017-жылдан баштап, үзгүлтүксүз иш алып барууда. Автомектептин жетекчиси – Абдулдаев Дамир Азизович. Мектепте тажрыйбалуу төрт окутуучу, эки инструктор эмгектенет. Автомектептен жылына 130дай бүтүрүүчүнү окутуп чыгарышат. Окуу мөөнөтү – 2,5 ай, төлөмү – 6500сом.
Учурда окууга кабыл алуу жүрүп жатат.

Мектептин окуу кабинеттери:
1. Биринчи медициналык жардам
2. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана ремонтоо
3. Жол кыймылынын эрежеси
4. Карбюратордук кыймылдаткычтуу автомобилдердин түзүлүшү
5. Жол кыймылынын коопсуздугу