Филология факультети


 

Факультеттин тарыхы

Филология факультетинин тарыхы университеттин тарыхы 1940-жылы 13-июнда Прбжевальск шаарында эки жылдык мугалимдер институтунун ачылышы менен бирге башталып, бирге өнүгүп келе жатат. Ал жылы Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин буйругу менен 50 киши тил жана адабият мугалимин даярдай турган адабият бөлүмү ачылган. Филология кафедрасынын биринчи башчысы В.В.Костылев болгон. 1953-жылы 22-апрелде К.Димитров атындагы ПМИ (Педагогикалык мугалимдер институту) ПМПИге (Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институт) кайра түзүлгөндөн кийин, факультет кеңейип, кыргыз тили кафедрасы ачылат. Чет тилдери боюнча адистиктерди даярдоонун башталышына байланыштуу 1996-жылы англис тилинин теориясы кафедрасы уюшулат. 1967-жылы сырттан окуу бөлүмү ачылган.

Ушул жылдар аралыгында орус тили жана адабияты адистиктери өз алдынча факультет болуп, орус тили жана адабиятынын теориясынын жана тарыхынын өнүгүүсүнө, ошону менен бирге эле орус тилин жана адабиятынын метепте окутуу усулуна салмактуу салым кошуп келди. ПМПИде иштеген О.В.Озаровский, Н.Г.Томарченко,Ю.Н. Чумаков, В.К.Янцен, В.И.Шаповалов, А.С.Канцев, Г.Хлыпенко, А.Д.Мансуза, В.Д.Глебов, К.Бейшембаев, Х.Дооталиев, К.Жидеева, К. Добаев сыяктуу педагогдордун изилдөөлөрү кеңири таанымал болду.

XX кылымдын 90-жылдарында кыргыз филологиясы бөлүмү республиканын башка университеттериндеги белгилүү лингвисттер жана адабиятчылардан тышкары КР Улуттук Илимдер Академиясынында эмгектенген кызматкерлер менен толукталды. 1992-жылы кыргыз филология факультети өз алдынча факультет болуп түзүлдү. Анын биринчи деканы филология илимдеринин доктору, профессор К.Абакиров болгон.

Факультеттин калыптанышына ата-мекендик филологиянын көрүнүктүү өкүлдөрү болгон К.Карасаев, З.Бектенов, Ж.Жусаев, К.Бейшембаев, Ж.Мамытов, Б.Жумабаев, С.Ыбыкеев, Х.Доолоталиев, Ш.Орозакунов, Б.Жапаров сыяктуу окумуштуулар зор салым кошкон.

Кыргыз флологиясы өзүнүн өнүгүү тарыхында көп жылдар бою өзүнчө факультет болуп келди. Англис тили жана чет тилдер кафедрасы болсо Дүйнөлүк тилдер институтунун курамында, ал эми орус тили бөлүмү Орус филологиясы жана журналистика бөлүмүнүн, кийин Орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин курамында болгон.

Мезгилдин жана социалдык өнүгүүнүн талаптарына ылайык факультет кеңейди, бир канча жолу (2012, 2019-жылдары) кайра түзүлдү.

2021-жылы университеттин ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында Кыргыз филология, тарых, педагогика жана искусство факультети, Орус филологиясы жана чет тилдер факультети менен бириктирилип, Филология факультети түзүлдү.

Учурда факультетте 4 кафедра иштейт:

  • •Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы;
  • •Орус тили жана адабияты кафедрасы;
  • •Чет тилдер кафедрасы;
  • •Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы.

Факультетте төмөнкү багыттар жана профилдер боюнча адистер даярдалат:

  • 550300 – Филологиялык билим берүү (профилдер: «Кыргыз тили жана адабияты» (бакалавр, магистр); «Орус тили жана адабияты» (бакалавр, магистр); «Чет тили» (бакалавр);
  • 531100 – Лингвистика (профили: «Котормо жана котормону таануу» (бакалавр); «Чет тилдерди жана маданияттарды окутуунун теориясы жана методикасын” (бакалавр).

Факульеттин профессордук-окутуучулар жамааты – 42адамдан турат. Алардын ичинде илиимдин докторлору – 5, доцент, илимдин кандидаттары, аны ичинде доценттер жана доценттин милдетин аткаруучулар -12, ошондой эле 13 ага окутуучу жана 9 окутуучу, 3 лаборант бар.

Биздин факультетте илимге эмгек сиңирген ишмерлер, филолог окумуштуулар, илимдин докторлору А.Иманов, Ж.Осмонова, А.Дунканаев, С.Абдуллаев, А.Абдыкеримова жана алардын артынан келген көп сандаган илимдин кандидаттары эмгектенип келишет. Илимий даражалуулук боюнча факультет республика боюнча алдыңкы орундарда туруп, бул болсо билим берүүнүн сапатына тике таасир этет. Филология факультети республикабыздагы жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөш жогорку окуу жайлар менен активдүү кызматташат. Мисалы, Вена университети( Австрия), Аристотель университети (Греция), Кентукки университети Кентукки (АКШ), Бишкектеги Россия илим жана мадиният борбору, Москвадагы гуманитардык педагогикалык институт (Россия), Казан лингвистикалык борбору (Россия), Б.Городовиков атындагы Калмак мамлекеттик университети (Россия), П. Сорокин атындагы Сыктывкар мамлекеттик университети Сыктывкар (Коми Республикасы), Георг-Август атындагы Геттинген университети (Германия), Волгоград мамлекеттик социалдык-педагогикалык университети (Россия), КоркытАта атындагы Кызыл-Ордо мамлекеттик университети (Казахстан), Фырат университети (Түркия).

Факультет жамааты студенттерди окутуп жана тарбиялоодо жогорку чыгармачылык, илимий-методикалык изденүү, бекем биримдик жана үлгүлүү ишмердик менен эмгектенет. Окутуучулар азыркы эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, Кыргызстанды сүйгөн жана биздин регионду жана республикабызды өнүктүрүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү, компетенттүү адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү үчүн дайыма изденүү аракетинде.

Биздин факультеттин окутуучулары жогорку окуу жайлардын, колледждердин студенттери жана окутуучулары үчүн, мектептердин окуучулары жана мугалимдери үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын, илимий монографияларын, окуу программаларын жана илимий макалаларын жарыялашып, эл аралык форумдарга, конференцияларга жана симпозиумдарга дайыма катышып, квалификацияларын жогорулатып турушат.

Студенттердин тарбиясына, окуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө чоң көңүл бурулат. Филология факультетинин студенттери окуу жайдын коомдук турмушуна эле эмес, Караколдун да күндөлүк турмушуна, эл аралык олимпиадаларга жана долбоорлорго, республикалык конкурстарга, республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен түзүлгөн мобилдүүлук программаларына да жигердүү катышат.

Факультет университетибиздин жалпы өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы менен сыймыктанат, себеби алар биздин облус жана өлкөбүз үчүн эң мыкты адистердин даярдалышында маанилүү ролду ойнойт.