Экономика, туризм, тарых факультети


Факультеттин тарыхы

Экономика жана туризм факультети 1991-жылдары «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», «Маркетинг», «Менеджмент»  адистигин даярдаган Каракол башкаруу институтунан башталат. Бул учурда окуу мөөнөтү үч жылды түзүп, бакалавр даражасы берилген. 1996-жылы Каракол башкаруу институту К.Тыныстанов атындагы  ЫМУнун курамына кирип, өз алдынча Экономика жана менеджмент институту катары жогорку билимдүү адистерди беш жылдык мөөнөт менен даярдай баштайт.

Экономика жана менеджмент институту 2011-жылы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу экономика жана туризм факультети болуп түзүлгөн. Бул факультеттин курамында  4 кафедра иштеген: экономика жана менеджмент кафедрасы, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасы, каржы жана салык салуу кафедрасы, туризм кафедрасы.

      2014-2015 окуу жылынан баштап  кайрадан экономика факультети болуп аталып, 2 кафедра иш алып барган: бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасы, экономика, каржы жана салык салуу кафедрасы.

Ал эми 2019-2020-окуу жылынан тартып болочок кадрларды даярдоонун сапатын арттыруу максатында университетте жүрүп жаткан оптималдаштыруу процесстеринин натыйжасында экономика жана туризм  факультети болуп өзгөртүлгөн.

Азыркы тапта факультетте 27 адам эмгектенет: алардын ичинен: илимдин 1 доктору, профессор, илимдин 8 кандидаты, доценттер, 3 ага окутуучу, 10 окутуучу , 4 лаборант жана факультеттин 1 методисти.

Факультет төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • -580100 Экономика багыты:
  • профиль -Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит профили;
  • профиль – Финансы жана кредит профили;
  • -600200 Туризм багыты:
  • профиль – Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруусу» профили;
  • профиль – Туризмдин туруктуу өнүгүүсү профили;
  • -520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу профили:
  • Профиль- Экология жана жаратылышты пайдалануу профили;
  • -730100 Токой чарбасы жана ландшафттык курулуш
  • профильЭкология жана жаратылышты пайдалануу профили

Факультеттин материалдык-техникалык базасы бардык талаптарга жооп берет. Аудиториялар окутуучу жана студенттерге керектүү мультимедиялык жабдыктар менен жабдылган.

Ысык-Көл облусунун туруктуу өнүгүүсү үчүн Экономика жана туризм факультети туристтик агенттиктер, коммерциялык банктар UGNS, Социалдык фонд, “РСК”, “Оптима”, “Бай Түшүм”, “Финансы Кредит Банкы”, “Кыргызстан” коммерциялык банкы, “Айылбанк”, “Демирбанк”, “Доскредобанк” жана башкалар уюмдар менен иш алып барышат. Тегерек столдор, конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.

2012-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткан ТEMPUS программасынын алкагындагы «Улуттук уюштуруу реформаларынын жогорку милдеттери» долбоорунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетиндеги «Менеджмент» жана «Мамлекеттик башкаруу» адистигинин окутуучулары официалдуу түрдө катышып  иштеп  келүүдө. Долбоордун иш- чаралары катарында  Словакия Республикасынын Нитра шаарындагы Словак Агрардык университетинин  базасында уюшулган тренинг-курска катышкан биргелешкен топтун курамында НМУ, КУУ, АУПКРдин окутуучулары менен катар, факультеттин окутуучулары да болгон. Бул тренингдин  негизги максатын  стратегиялык өнүгүүнүн жаңыча жолдорун, ыкмаларын, талаптарын жана шарттарын үйрөнүү жана аны   илимий-практикалык жол менен ишке ашыруу түзгөн. Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн алдына өз окуу жайларында, мамлекеттик башкаруу структураларында башкаруунун жаңы методдорун регионалдык экономика жана саясат боюнча алган билим маалыматтарын илимий түрдө колдонуп, илимий түрдө өз ара кызматташуу милдетин коюп келишкен.  Ошондой эле факультеттин айрым кызматкерлери  «Адам ресурстарынын өнүгүүсү жана ишкердүүлүк билим берүү» программасы менен ITEC долбооруна, HONOR  долбоорунун дистанттык окууну ишке ашыруу боюнча  MOODLE  программасына катышып, чет мамлекеттерде болуп кайтышты. 

Ошондой эле туризм багытында билим берген окутуучулар төмөнкү долбоорлор менен иш алып барышууда:  «Туруктуу туризмдиги бакалаврдык жана магистрдик програмаларды иштеп чыгуу»(ERASMUS LMPT- Болгария, Кытай, Вьетнам, Кыргызстан), «Туризм сектору үчүн квалификациядагы европалык ченемдер» Eurdiq-Латвия, Россия, Англия, Кипр, Кыргызстан), «Админстративдик өнүгүүдө аймактык максаттар» (ROAD-Испания, Туркменистан, Швеция жана Кыргызстан), TEMPUS, Erasmus Mundus, TACIS жана «Кыргызстандагы профессионалдык билим берүү жана окутуудагы социалдык партнердуулукту күчтөндүрүү», «Кыргызстандагы, Грузиядагы, Норвегиядагы туризм туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү» долбоорлору.

Факультет төмөндөгү ЖОЖдор менен кызматташат:

  1. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, г. Бишкек;
  2. Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ)
  3. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
  4. Ош мамлекеттик университети, Ош;
  5. Норвегиянын Түштүк-Чыгыш Университети (Норвегия)
  6. Ш.Руставели атындагы Батуми мамлекеттик университети (Грузия)
  7. А. Церетели атындагы Кутаиси мамлекеттик университети (Грузия)
  8. Түштүк-Батыш Неофит-Рилски университети (Болгария)
  9. Алматы технологиялык университети (АТУ, Казакстан)
  10. Аристотель университети (Греция, Салоники)