К.Эсенкожоевдин 100 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү

2021-жылдын 26-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын окутуучулары, балдар адабиятынын көрүнүктүү жазуучусу К.Эсенкожоевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата адабий кече уюштурушту. Кечеде К.Эсенкожоевдин адабий ишмердүүлүгү боюнча ар кандай темада илимий докладдар окулду. Жазуучу, шаардык Кеңештин депутаты, коомдук ишмер К.Мамбетов, жазуучунун бир тууган жээни Баяке Марамбаев К.Эсенкожоев тууралуу даректүү баян куруп беришти. Фантаст жазуучу К.Эсенкожоевдин “Үчүнчү шар” чыгармасы боюнча студенттер чакан сценка коюшуп, автордук ырлар окулуп, иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.