51-областтык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды

2021-жылдын 26-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда 51-областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чараны Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору М.И.Курманалиев ачып берип, өз сөзүндө олимпиада катышуучуларына ийгилик каалап өттү. “Биздин облусубузда дайыма билимдүү жаштар бар болуп, өлкөбүздө билим жолу өсө берсин”, – деп белгиледи. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Ж.Ш.Токтакунов университеттин мектеп-ЖОЖ-мектеп багытындагы ишмердүүлүгү, анын маанилүүлүгү тууралуу маалымат берип, билим сынактын катышуучуларына ак жол каалап өттү. Областтык билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун төрагасы Ө.К.Молдокматов, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин директору А.Д.Жапаровго дагы сөз берилип, олимпиада боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жалпысынан олимпиадага 10 предмет боюнча 254 окуучу катышкан. Сынактын жыйынтыгында, 1-2-3-орунду ээлеген окуучуларга акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. Ошондой эле, 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөрдү даярдаган мугалимдерге ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.Областтык олимпиаданын 1-2-орунду ээлеген окуучулары Республикалык олимпиадада өз күчүн сынаганга мүмкүнчүлүк алышты.

51-областтык олимпиадада калыстар тобунун төрага төрайымдары К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун төмөндөгү кызматкерлери болду: Р.Р.Чыныбаев, п.и.к., доцент, физика-техника факультетинин деканы; У.К.Кадыркулова, ф.и.к., доцент, орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы; Г.Е.Сариева, б.и.к., доцент; ага окутуучулар Сагынтай к. Назира, Я.Чынтемиров , Ч.Ногоева жана калыстар тобунун мүчөсү ф.и.к., А.Анапияева