Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучулары стол тенниси боюнча мелдеште алдыңкы орундарга ээ болушту

3-апрелде Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына жана 7-апрель Элдик революция күнүнө карата Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн ардагерлер арасында стол тенниси боюнча өткөрүлгөн мелдеште К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун табигый илимдер жана дене-тарбия факультетинин дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучулары Аида Токтомбаева 1-орунга, Асель Мусаева 2-орунга ээ болушуп, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.