Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын ага окутуучусу дене тарбиясынын заманбап көйгөйлөрүнө арналган форумда доклад окуду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январында кол койгон “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган жаш студенттердин дене тарбиясынын заманбап көйгөйлөрүнө арналган форумунда ЫМУнун Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын ага окутуучусу Сулайманов Советбек Эрназарович “Студенттерди руханий, адеп-ахлактык жана патриоттук тарбиялоо” деген темада доклад окуду. Иш-чара 5-6-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өттү.