К.Тыныстанов атындагы ЫМУ аккредитациядан өтүүдө

2021-жылдын 8-9-апрелинде көз карандысыз Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо максатында институционалдык жана программалык аккредитациядан онлайн форматта өткөрүп жатат. Жалпысынан, бакалавриат боюнча 22, магистратура боюнча 1 жана орто кесиптик билим берүү боюнча 1 билим берүү программалары баалоодон өтүүдө.

Агенттиктин эксперттик комиссиясы университеттин студенттери, студенттердин ата-энелери, бүтүрүүчүлөрү, окуу жайдын окутуучулары жана администрациясы менен интервью жүргүзүп, өздүк баалоо отчетторун текшерүүдө.