К.Тыныстанов атындагы ЫМУ мектеп окуучуларынын информатика боюнча Альтернативалык олимпиадасынын IV этабын өткөрүү иштерине катышты

20-21-апрель күндөрү табигый-техникалык илимдер боюнча мектеп окуучулары арасында II Улуттук олимпиада болуп өттү. Олимпиада
жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын өзгөчө таланттуу мектеп окуучуларынын жөндөмдөрүн аныктоо жана колдоо көсөтүү, орто жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсүндө студенттердин, мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана чыгармачыл мамилесин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.


К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, Б.Ельцин атындагы КРСУ жана башка ЖОЖдор менен биргеликте информатика боюнча мектептердин Альтернативдик Олимпиадасынын IV этабын өткөрүү иштерине катышты.


ЫМУнун базасында 10-класстын окуучусу Темирлан Темиркулов жана 9-класстын окуучусу Жусупов Бекзат олимпиадага онлайн түрдө катышышты. Экөө тең “Кут Билим” билим берүү комплексинин окуучулары, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз району.