ЫМУда “Илим – ийне менен кудук казгандай” аталыштагы жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы уюштурулду

2021-жылдын 22-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Илим – ийне менен кудук казгандай” аталыштагы жаш окумуштуулардын республикалык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, И.Арабаев атындагы КМУ, БатМУ, КПИ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимпоздору жана магистратура, аспирантура программаларында билим алып жатышкан жаш окумуштуулар катышышты.

Конференцияны К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев ачып, магистранттар менен аспиранттарга илим жолуна алган сапарлары байсалдуу болуп, чыгармачылыкта жигердүү жетишкендиктерди багынтарына ишенимин билдирди.

Ал эми пленардык отурумда «Математиканы кесипке багыттуу окутуу» темасында профессор Ш.Алиев, «Жаш изденүүчүлөрдүн илимий жана илимий усулдук   изилдөө иштерин уюштуруусу» темасында профессор М.М. Тайиров, «Идентификатор DOI (РИНЦ, индекс ХИРША, Scopus) азыркы учурдун талаптары боюнча» темасында доцент Б.М. Биймурсаева, «Болочоктогу математика мугалимдерин кесиптик даярдоону окутуунун натыйжалары контекстинде долбоорлоо» темасында доцент А. Аттокурова,  «Магистердик диссертацияны даярдоо инструкциясы» темасында доцент Г.Исмаиловалар доклад окушуп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Аягында иш-чаранын резолюциясы кабыл алынды.