“Жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү” темасында онлайн семинар болуп өттү

2021-жылдын 23-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмү жана кыргыз тил кафедрасы “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү” темасында онлайн семинар уюштурушту. Семинарга Билим жана илим министрлигинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Г.Ү.Ибраимова, ЫМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Б.И.Атыгаев, Кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин деканы А.К.Койлубаева, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Т.Ж.Асирдинова, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда болуп өттү.

Семинарда жогорку окуу жайда филолог адистерди даярдоодо колдонулуп жаткан окуу-усулдук ыкмалар, заманбап илимий-технологиялык методдор, алардын сабак учурунда колдонуу деңгээли жана натыйжалуулугу тууралуу сөз болуп, докладдар окулду. Ф.и.к, доцент А.К. Койлубаева “Кыргыз тили мугалимдерин даярдоо процессинде “Кыргыз тилин окутуунун методикасы” курсун окутуунун маселелери” темасында, ф.и.к. Т.Ж.Асирдинова “Кыргыз тилин окутууда Маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонуу” темасында, ф.и.к., доцент А.А.Анапияева ” Антонимдер жана алардын стилистикалык жактан колдонулушун интерактивдүү ыкмалар менен окутуу” темасында, п.и.к., доцент Ч.А.Курманалиева “Кыргыз тилин окутууда окутуу усулдарын айкалыштыруу” темасында, Ж.А.Түрмөнбаева “Кыргыз тилинин тарыхы” сабагын окутуудагы колдонулган айрым бир ыкмалар” темаларында өзүлөрүнүн докладдарын окуп, изилдөөлөрү менен бөлүшүштү.