ЫМУда “Web-разработка” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

2021-жылдын 4-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде (ЫМУ) “Web-разработка (Введение во Front-end разработку)” кыска мөөнөттүү курстун 2-агымынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Сертификаттарды К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскарбек Асангазиевич тапшырып, угуучуларды курсту ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алган билимдерин татыктуу колдонушуна тилектеш экенин билдирди. Иш-чара Ысык-Көл облусундагы эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Ж.А. Курманалиева жана курстун тренерлери Р.К.Балан жана К.Э.Закиряевдин катышуусунда болуп өттү.


Аталган курс Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) майыптар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (ден-соолугу боюнча) колдоого алуу долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Мындай кесиптик билим берүү курстарын киргизүүнүн негизги максаты – коомго аралашуусун колдоо жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат. Курстун узактыгы 5 айды түзгөн.

Курстун 1-агымында 14 угарман билим алып, (угуучунун пикири https://fb.watch/5ha1vq7Op0/) алардын ичинен эң мыкты команда GIZ веб-сайтынын мыкты макетин түзүү конкурсунда 1-орунду ээлешкен. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан. Андан соң, айрым бүтүрүүчүлөр долбоорлорду жазып, өз бизнесин ачышкан (https: //www.turmush.kg/ru/news: 1665790 /? From = portal …), ал эми калгандары ар кандай уюмдарда жана фирмаларда эмгектенип келишет.


2- агымдын угармандарына дагы албан ийгиликтерди каалайбыз!