ЫМУнун базасында “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн маалыматтык технологиялар” семинар-тренинг болуп өттү

2021-жылдын 6-7-майында Ханнс Зайделдин фондунун стипендиаты А.Сарбанова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун муниципалдык кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн маалыматтык технологиялар” окуу семинарын уюштурду. Тренер , ЫМУнун математика жана маалымат технологиялар факультетинин окутуучусу Ж.К. Кооманова болду. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар күнүмдүк ишинде маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Атап айтканда, алар Google инструменттери: тесттерди жана сурамжылоолорду түзүү платформасы; презентация технологиялары; онлайн жолугушуулар үчүн платформалар менен иштегенди үйрөнүштү. Семинардын соңунда мамлекеттик кызматкерлер тестирлөөдөн өтүп, окууну аяктагандыгы жөнүндө сертификаттарга ээ болушту.