Илим


Бүгүнкү күндө илим эл турмушунун көптөгөн тармактарында маанилүү роль ойнойт. Илимдин өнүгүү деңгээли мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Университетибиз өзүнүн 80 жылдык тарыхында жогорку билим берүү жана илим тармагында кадрларды даярдоого, өлкөнүн адамдык потенциалын өнүктүрүүгө, калктын интеллектуалдык жана кесиптик ресурсун чыңдоого салым кошкон.

Университеттин сыймыгы — жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар жамааты болуп эсептелинет, алардын ичинен 11 илимдин докторлору, профессорлор, 72 илимдин кандидаттары, доценттер үзүрлүү эмгектенип, жаштарды тарбиялоого өз салымдарын кошуп жатышат.

Университеттин кызматкерлеринин, докторанттарынын жана аспиранттарынын илимий жана инновациялык ишмердүүлүгү биздин республикабыздын, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин башка жогорку окуу жайлары, академиялык институттары жана башка илимий мекемелери менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырылат.

Жетишкендиктердин бири – мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча Эл аралык илимдер академиясына 1 академик жана 5 мүчө-корреспонденттин шайланышы болуп эсептелинет.  Ошондой эле, инженердик-техникалык илимдерге кошкон салымы үчүн Эл аралык инженердик академияга 1 мүчө-корреспондент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясына 2 академик, 1 мүчө-корреспондент жана 2 академиялык кеңешчи шайланды.

Биздин окумуштуулар А.Е.Абдыкеримова, биология илимдеринин доктору Б.К.Калдыбаев, ф.и.к. К.Ж. Зиялиев Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин мүчөсү. Кошумчалай кетсек, физика-математика илимдеринин кандидаты К.М.Мусаев Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы лауреаты.

Ысык-Көл мамлекеттик университети мамлекет тарабынан каржыланган илимий долбоорлорго активдүү катышып, 5 жылда 6 миллион сомдон ашык 11 илимий-техникалык долбоорду ишке ашырган. Мындан тышкары, университетибиздин окумуштуулары биздин өлкөдөн тышкары биргелешкен изилдөө жана окуу үчүн мобилдүүлүк программаларына активдүү катышышат. Мисалы, МСТК тарабынан каржыланган долбоордун алкагында молекулярдык-генетикалык лаборатория түзүлүп, ал заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылган. Лаборатория, илим-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жугуштуу оорулардын ПЦР диагностикасы тармагында иштеген дарыгерлердин, лаборанттардын квалификациясын жогорулатуу үчүн колдонулат.

Жаш илимий кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.Университеттин базасында 35 аспирант, 5 абитуриент, 9 докторант диссертациянын үстүндө иштеп жатышат. Магистратурада 6 багыт боюнча 65 магистрант билим алат.

Университеттин базасында дайыма эл аралык, республикалык илимий-техникалык конференциялар, форумдар, симпозиумдар, семинарлар, тегерек столдор ж.б. өткөрүлүп турат.

Илимий макалалар Жогорку аттестациялык комиссиянын журналдарынын тизмесине кирген «Ысык-Көл университетинин жарчысы» жана Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте чыгарылып жаткан «Кыргыз тили жана адабияты» илимий журналдарына жарыяланып турат. Мындан тышкары, RSCI, Scopus, Web of Science ж.б. библиографиялык базаларына кирген журналдардагы басылмалардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Илимде жогорку натыйжаларга жетишуу учун жаш илимий кадрларды даярдоого езгече кецул бурулууда. Ошондуктан университетте олимпиадалар, студенттик конференциялар, илимий ийримдер уюштурулуп турат.