Орус филология жана чет тилдер факультети

Декан:Абдыракматова Назгуль Кусуевна
филология илимдеринин кандидаты, доцент
Адрес: Каракол ш., Тыныстанов к., 32, I корпус, каб. № 414
Телефон: +996 3922 52665
E-mailnazgul.abdyrakmatova@iksu.kg

Орус филологиясы жана чет тилдер факультети өзүнүн түптөлүшү боюнча жогорку окуу жайдын алгачкы курамдык бөлүмү орус тили жана адабияты факультетине кирет. Түзүлгөндөн бери жогорку билим берүү мекемелеринин ичинде илимий педагогиканын бай каада-салттарын топтоду. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандан жана Россия Федерациясынан, алыскы жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнөн кездештирүүгө болот. Чет тилдер кафедрасы 1959-жылдан баштап орус тили жана адабияты факультетинин курамына кирет. 1998-жылы өзүнчө чет тилдер факультети болуп түзүлүп, кийин дүйнөлүк тилдер жана интегративдик байланыш борбору болуп аталган. 1999-жылы Борбор кайра өз ичине англис, немец жана француз тилдерин камтыган Чет тилдер институту болуп түзүлгөн. 2002-жылдан баштап Институт чет тилдер факультети болуп уюшулуп, ал эми 2008-жылдан баштап орус филологиясы жана чет тилдер факультети болуп түзүлгөн. ˘Өзүнүн ишинде факультет кесиптештирилген кытай, араб тили борборлоруна англис, орус тили борборуна таянат.

 Факультеттин калыптанышына салым кошуп кеткен педагогдорду белгилөөгө болот: Э.Б.Вейс, Ш.Ю.Мусин, А.С.Исламова, З.М.Бабаназарова, В.И.Шаповалов, Р.К.Садыкова, А.К.Карабекова, Л.М.Галушкина ж.б. Факультетти убагында Л.И.Стародубова, ф.и.к., проф. В.К.Янцен, ф.и.к. В.Д.Глебов, п.и.к., доцент А.Д.Мансуза, ф.и.д., профессор Ж.Ж.Жусаев ф.и.д., профессор С.Н.Абдуллаевдер жетектешкен. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан окумуштуулар: А.Карыпкулов, Т.Ишемкулов, К.Бейшембаев, А.Е.Супрун, К.Х.Джидеева, К.Мамбеталиев, С.Н.Абдуллаев ж.б.

Орус филология жана чет тилдер факультети бакалавр багыты боюнча сапаттуу филологиялык кесиптик даярдык жүргүзүү менен ар түрдүү проекттер, программалар менен алмашуу аркылуу студенттердин ыкчам билим алуусунун лингвистикалык негизин камсыз кылат. Мындай иш-чара студенттердин чыгармачылыгын көтөрөт, өзүлөрүн азыркынын ыкчам, татаал, өзгөрүлмө дүйнөсүндө табууга өбөлгө болот.

 Мындай проекттер Европа Комиссиясы, Темпус программасы, Сорос Кыргызстан фонду, Тынчтык корпусу, IREX, USAID, DAAD, JIСA, ITEC, ERASMUS MUNDUS, АКШ посольствосу, РФ., КЭР, Франция, Германия тарабынан каржыланат.

Тилдерди жана маданиятты үйрөтүү борборлору кабинеттери менен ар түрдүү багытта посольство өкүлчүлүктөр менен, кызматташтыктын мекемелери менен, диаспоралар менен кызматташуу факультеттин уникалдык мүмкүнчүлүктөрү болуп эсептелет. Профессордук окутуучулук курам, материалдык база, студенттик ишмердүүлүк бири-бири менен маданияттуу байланышууга кызматташтыктын борбору болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Өзүнүн актуалдуулугун туристтерди көп улутту регионго тартууда жана Ысык-Көлдүн лингвистикалык картасын үйрөнүүдө көргөзө алат.

Факультетте ар түрдүү түзүмдөгү тилдердин типологиялык жактан салыштырууну үйрөнүү багыты калыптанууда. Илимий изилдөөчүлөр, аспиранттар, докторанттар бекитилген.

Факультет төмөнкү негизги

ДАЯРДОО БАГЫТТАРЫ

Факультетте төмөнкү негизги багыт менен адистерди даярдоону жүргүзөт:

550300 Филологиялык билим берүү багыты:

  • «Орус тили жана адабияты»
  • «Чет тилдер» (англис, немец, француз, кытай)

531100 Лингвистика багыты

  • «Которуу жана котормо таануу»

ФАКУЛЬТЕТТИН КУРАМЫ

Учурда факультеттин курамында 3 кафедра иштейт:

  • Орус тили жана адабияты кафедрасы;
  • Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы;
  • Чет тилдер кафедрасы.

ФАКУЛЬТЕТТИН ОКУУ-МАТЕРИАЛДЫК БАЗАСЫ

Орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин окуу процесси негизинен ЫМУнун №4-корпусунда өтөт, андан тышкары ЫМУнун 1-2-3-корпустары жана маданий-эстетикалык «Толкун» борборунда колдонулат.

Студенттердин илимий изденүүсү, курстук, дипломдук иштерин жазууда жана мамлекеттик экзамендерге даярданууда керектүү маалыматтарды камсыз кылган окуу залы жана интернет булактарына кошулган окуу борборлору бар.

Ошондой эле факультеттин студенттеринин чет тилинде угуп, түшүнүүсүн өркүндөтүү максатында техникалык каражаттар жана төмөндөгү окутуу борборлору кеңири колдонулат.

Аталышы ауд жооптуулар
1 Кыргыз-араб маданий борбору №315, 316 ауд  Ишенбаев Алмаз
2 Кыргыз-кытай Конфуций борбору 208 ауд Асанбаева Н.Т.
3 TESOL англис тил борбору 204, 202 ауд Жумагулова Ф.
4 Лингафондук кабинет 312 -4 Исраилова А.
6 Англис тил борбору 317-4 Мусаева У.Д.
7 Лингафондук кабинет 329-1 Исраилова А.
8 Орус тилин окутуу борбору 314-1 Абдуманапова З.З.
  • Бул окутуу борборлору быйылкы окуу жылында алгылыктуу иштерди аткарышты. Кыргыз-араб борбору Универститтин баардык адистигиндеги студенттер үчүн бекер жарым жылдык окуу курсун уюштуруп, студенттерге сертификат тапшырылды. 2014-2015-окуу жылында араб тилди үйрөтүү окуу жылында кабыл алынган студенттер үчүн курсту улантып жатат жана жаңы студенттер үчүн башталгыч курстары окутулуп жатат.
  • Кыргыз-кытай Конфуций борбору республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан илимий-методикалык конференцияларга, маданий иш чараларга факультеттин студенттери активдүү катышууда.
  •  TESOL англис тили борбору жана факультетте эмгектенген төмөндөгү тренер-окутуучулар (Мусаева У.Д.) Ысык-Көл областтык окутуу институту менен биргеликте областтын ар кайсы региондоруна орто окуу мектептеринде англис тил мугалимдери үчүн тренинг-семинарларды уюштуруп берүүдө.
  • 2014-жылдын октябрь айынан тартып чет тилин окутуунун методикасын колдонуу үчүн факультеттин окутуучулары жана студенттери үчүн бир лингафондук кабинет (239-1 ауд) жана ресурстук борбору (312 ауд) менен ачылганы жатат. Сабакты окутууда жогорку денгээлде өтүш үчүн окутуучуларга баардык шарттар түзүлгөн.
  • Орус тилин окутуу борборунда Россия өкүлчүлүгү, Роскызматташуу тарабынан берилген аудиокитептер, видеодиск курал жабдыктары, окуу куралдары кеңири берилген.

ФАКУЛЬТЕТТИН БАЙЛАНЫШТАРЫ

Эл аралык байланыштар

Орус тили кафедрасы боюнча:

  • Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары: Санкт-Петерберг университети, Москвадагы лингистикалык институт, Воронеж университети, Калмык университети ж.б.

Чет тилдер кафедрасы боюнча:

– Тынчтык Корпусу;

– Америка Элчилиги;

– Германиядагы Гете институнун жардамы менен 450 еврого окуу куралдарын сатып алынды.

 – Франция Элчилиги;

– Араб элчилиги

– Кытайдагы Конфуцианство мектеби

Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы боюнча:

– Австриянын Вена университети;

– Американын Кентукки университети.

Республика ичиндеги байланыштары:

– Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги;

– Роскызматташуу;

– Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары: Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университети, С.Каралаев атындагы БГУ ж.б.