К.Тыныстанов атындагы ЫМУ тарабынан мектептерде кесипке багыт берүү иштери кызуу жүрүп жатат.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ тарабынан мектептерде кесипке багыт берүү иштери кызуу жүрүп жатат. 2022-жылдын 24-февралында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы К.Исабеков жана К.Асаналиева жетектеген”Жалын” Элдик театрынын таланттуу студенттери Ак Суу районунун Уч Кайнар, Отуз уул, Маман айылдарынын мектептерине барып чакан театралдаштырылган иш чара көрсөтүшүп, ректордун атынан китеп белектерди жана директорлорго ЫМУнун атынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.