Академиялык мобилдүүлүк

Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттерди же мугалимдерди белгилүү бир академиялык мезгилге башка жогорку окуу жайына, өлкө ичинде же чет өлкөдө окуу же изилдөө үчүн көчүрүү мүмкүнчүлүгү. Биздин университетте академиялык мобилдүүлүк эки негизги багытта жүргүзүлөт: студенттерди кыргызстандык өнөктөш университеттерде окутуу жана чет өлкөлүк университеттерде окутуу. Мобилдүүлүк программалары өнөктөш университеттердин ортосундагы келишимдердин алкагында ишке ашырылат. Академиялык мобилдүүлүк студенттерге, магистранттарга, жаш окумуштууларга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин ар кайсы шаарларында жашоого, окууга, иштөөгө, машыгууга, башка маданиятты үйрөнүүгө, ар кайсы шаарлардан, өлкөлөрдөн, континенттерден дос күтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча окуу биздин студенттерге жана магистранттарга чет тилин билүү деңгээлин жогорулатууга, теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүүгө, өлкөнү жакындан таанууга, кыргызстандык жана чет өлкөлүк теңтуштарды таанып-билүүгө мүмкүндүк берет.

Келишимдер.