ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОРБОРУ


ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОРБОРУ

Биздин борбор билим берүүнүн бардык талаптарына жооп берген, материалдык-техникалык базасы жетиштүү, сан жана сапаттык жактан жогорку деңгээлдеги заманбап борбор болуп саналат.

 

 

 

 


Борбор тууралуу

2011-2012-окуу жылдагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2011-жылдын 28-июнундагы №01-88-чечимине ылайык окутуунун сырттан окуу формасынын студенттери үчүн окуу процессин уюштуруу максатында «Дистанттык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору» уюшулган. 2012-жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасындагы реформаларга ылайык, Ысык-Көл мамлекеттик университети окутуунун салттуу сырттан окуу формасынан дистанттык технологияны колдонуу менен сырттан окуу формасына өткөн. 2021-2022-окуу жылдан тартып үзгүлтүксүз билим берүү борбору КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан алынган лицензиянын негизинде дистанттык технологияны колдонуу менен студенттерди сырттан окуу формасында даярдай баштаган. Борбордун максаттары жана милдеттери: 1. Билим берүү процессинде дистанттык билим берүү технологияларын колдонуунун максаттары: – DББТны колдонуу менен билим берүүнүн бардык формаларында окуу процессин оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү; – дистанттык билим берүү технологияларын жана билим алмашуу кызматтарын колдонуу менен окуу процессинин маалымат ресурстарына алыстан жетүү аркылуу студенттердин жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; – студенттердин билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жеке графигин жана темпин түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; – студенттердин билим алуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында технологиялардын, процесстердин жана персоналдын системалуу түрдө уюштурулган комплекси аркылуу окуу процессинин сапатын жогорулатуу; – университеттин маалыматтык жана билим берүү чөйрөсүндө студенттердин окуу натыйжаларына мониторинг жана баа берүү системасын өркүндөтүү; – университеттин аудиторялык фондуна болгон жүктөмдү азайтуу. 2. DББTны колдонуу менен окуу процессин уюштуруу милдеттери: – DББTны колдонуу менен окуу системасынын иштеши жана башкаруу үчүн шарттарды камсыз кылуу; – аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен окуу процесси үчүн университеттин расмий сайтын жүргүзүү жана башкаруу (http://www.iksu.kg); – окуу процессинде DББTны колдонгон мугалимдерди даярдоо жана системалуу түрдө квалификациясын жогорулатуу. 3. DББTны колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун негизги принциптери: – көндүмдүүлүк, бул педагогикалык системанын бардык элементтеринин (максаттары, милдеттери, мазмуну, окутууну уюштуруунун формалары, окутуунун методдору, ыкмалары, каражаттары жана технологиялары, студенттердин практикалык жана өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштуруу формалары, пландаштыруу жана окутуунун жыйынтыктарын көзөмөлдөө, мугалимдин ролу) заманбап талаптарга шайкештиги; – интерактивдүүлүк, атайын электрондук билим берүү чөйрөсүндө DББTнын жардамы менен бардык катышуучуларынын форумдар, видеоконференциялар, вебинарлар, чаттар, ошондой эле электрондук почта жана социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүндө ээ болуу; – ийкемдүүлүк, окуу системасынын катышуучуларына DББTны колдонуу менен ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу темпте иштөөнү камсыз кылуу; – окуу программанын окуучусунун билимин баалоодо эффективдүүлүк жана объективдүүлүк.


 

Укуктук документтер

 


 

ДББжКЖБ курамы

Бүгүнкү күндө борбордо 6 кызматкер: директор, ага инспектор, 3 методист жана 1 инженер-программист эмгектенүүдө.

Директор: Исабеков Кубатбек Абдыкеримович, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

 

Байланыш үчүн: 0555 69 11 91; 03922 5 26 47; ikubatbek@bk.ru

Ага инспектор: Абышалиев Кенжебек Бекишович, ага окутуучу.

 

Байланыш үчүн: 0701 53 03 09; 03922 5 01 19; erkinsartpaev@gmail.com

Методист: Мазекова Назира Жолочиевна

 

Байланыш үчүн: 0709 86 31 56; 03922 5 01 18; naziramazekova@gmail.com

Методист: Керимкулова Назгуль Калмаковна

 

Байланыш үчүн: 0709 17 59 19; 03922 5 01 18; kerimkulovanazgul362@gmail.com

Инженер-программист: Капаров Байжан Маратович

 

 

 

Байланыш үчүн: 0508455774; asman-1941@mail.ru

 

 


Окуу процессинин уюштурулушу

Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп окутуунун заманбап технологиясын пайдалануунун негизинде жогорку жана орто кесиптик билим берүүдөн кийинки окуу процессин уюштуруу саналат. Бүгүнкү күндө Дистанттык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунда 2000 студент билим алып жатат. Окуу процесси окуу планы жана графикке ылайык уюштурулган, аларга лекциялык, практикалык жана лаборатордук сабактар, студенттердин өз алдынча иштери, жеке консультациялар ж.б. кирет. ЫМУ 14 кафедрасынан профессордук-окутуучулар курамы сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерине сабак беришет. Дистанттык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору кафедралардын окутуучулары менен бирдикте бардык дисциплиналар боюнча КР жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык электрондук окутуу ресурстары болуп эсептелген электрондук окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу иши уланууда, бул ЭОМКлар борбордун атайын окутуу порталына киргизүү ишке ашырылууда. Жалпы ЫМУда, ошондой эле борбордо окуу процессин автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул максаттар үчүн ЖОЖдо окуу процессин башкаруу системасын автоматташтырууга, ошондой эле сырттан окуу формасындагы студенттердин билим алуусунда дистанттык технологияны колдонууга AVN программасы киргизилген. Университеттин маалыматтык ресурстардын негизги базасы болуп (http://moodle.iksu.kg) билим берүү порталы эсептелет. Билим берүү порталы окутуу системасын башкаруудагы негизги маалыматтык борбор болуп саналат.

 

 

 

 


Борбордун материалдык-техникалык базасы

 

Борбордо 31 компьютердик жабдык менен жабдылган эки мультимедиялык класс жана эки сервер иштейт. Бардык класстар Интернет түйүнүнө кошулган. Материалдык-техникалык база өрткө каршы эрежелерге жана талаптарга жооп берет жана окуу планда көрсөтүлгөн сабактын бардык түрүн өткөрүүнү камсыздайт.


Билим берүү программасы

Дистанттык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору дистанттык жана кредиттик технологияны колдонуу менен сырттан окуу формасындагы студенттерди бакалавриат багытында төмөндөгү профилдер боюнча даярдоону жүргүзүүдө:

1. Даярдоо багыты: 550300 Филологиялык билим берүү
Даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты
Орус тили жана адабияты

2. Даярдоо багыты: 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү
Даярдоо профили: Тарых
3. Даярдоо багыты: 550700 Педагогика
Даярдоо профили: Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
4. Даярдоо багыты: 640200 Электроэнергетика жана электротехника
Даярдоо профили: Электркамсыздоо
5. Даярдоо багыты: 670200 Транспорттук- технологиялык машиналарды жана комплекстерди колдонуу
Даярдоо профили: Транспорттук-технологиялык машиналарды жана жабдууларды иштетүү жана тейлөө
6. Даярдоо багыты: 670300 Транспорттук процесстердин технологиясы
Даярдоо профили: Уюштуруу жана кыймыл коопсуздугу
7. Даярдоо багыты: 710200 Маалыматтык системалар жана технологиялар
Даярдоо профили: Маалыматтык системалар жана технологиялар
8. Даярдоо багыты: 550100 Табигый илимий билим берүү
Даярдоо профили: География
Биология
9. Даярдоо багыты: 532000 Дене тарбия
Даярдоо профили: Дене тарбия
10. Даярдоо багыты: 520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу
Даярдоо профили: Экология жана жаратылышты пайдалануу
11. Даярдоо багыты: 550200 Физика-математикалык билим берүү

Даярдоо профили: Математика
Информатика
12. Даярдоо багыты: 580100 Экономика
Даярдоо профили: Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
Финансы жана кредит

13. Даярдоо багыты: 600200 Туризм
Даярдоо профили: Туризмдеги мамлекеттик жана укуктук кызматтардын технологиясы жана уюштуруу

14. Даярдоо багыты: 730100 Токой иши жана ландшафттык курулуш
Даярдоо профили: Токой иши жана ландшафттык курулуш

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жогорудагы бакалавр багыттар боюнча лицензия жана сертификаттарга ээ.

 

 

Борбор – келечекте дистанттык билим берүүнүн бардык талаптарына жооп берген заманбап структуралык бөлүм катары өнүгө бермекчи.

 

 

 

 


БАЙЛАНЫШ:

Адрес: Каракол ш., Гебзе к. 118
Web site: www.iksu.kg
e-mail: interiksu@gmail.com
Тел.: 03922 5 26 47, 5 01 18, 5 01 19
Факс: 03922 5 04 98