Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы


Кафедра башчысы:
Толубаева Чолпон Дердеңбаевна к.ф.н., доцент

Дареги: I корпус ЫМУ.Тыныстанов көч., каб.№313

Телефон: +999(778) 015781, +996(701) 232735

Почта: tolubaeva.1975@mail.ru

 Тарыхы

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин алдында уюшулган. Мезгилдин талабына ылайык коомдук өнүгүүгө жараша ар кандай аттар менен аталып, кайра түзүлүп келди. Бул жылдар аралыгында кафедра миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап бүтүрүп келет.

Факультеттин түптөлүшүндө окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбиялык багыттагы иштердин жолго коюлуп калыптанышында жана ийгиликтеринде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын салымы зор.

Азыркы учурда кыргыз тили жана адабияты кафедрасында 13 адам эмгектенет. Илимдин 3 доктору, профессорлор: филология илимдеринин доктору, профессор Ж.Осмонова, филология илимдеринин доктору, профессор А.Т.Дунканаев, филология илимдеринин доктору, профессор А.Э.Абдыкеримова; филология илимдеринин кандидаттары, доценттер А.Койлубаева, К.Асаналиева, Т.Асирдинова, Ч.Толубаева, Н.Жумашова, А.Анапияева; ага окутуучу Ж.Түмөнбаева жана окутучулар: Б.Д.Сыдыкова, С.Оторбаевалар эмгектенишет. Кафедранын илимий даражалуулугу 75 % түзөт.

Азыркы учурда кафедра башчылык кызматты филология илимдеринин кандидаты, доцент Толубаева Чолпон Дердеңбаевна аткарууда.

Кафедра мүчөлөрү, филология факультетине тиешелүү «Кыргыз тили жана адабияты» адистиктери боюнча окуган студенттерге кыргыз тил илими жана кыргыз адабияты багытындагы дисциплиналардан лекция окуп, практикалык сабактарды өткөрүшөт жана “550300 Филологиялык билим берүү багыты” боюнча «Кыргыз тили жана адабияты» адистигин даярдоочу бүтүрүүчү кафедралардан болуп саналат. Мындан тышкары ЫМУдагы бардык адистиктерге (орус жана кыргыз группаларында) кыргыз тили, манастаануу боюнча лекциялык, практикалык сабактарды алып барышат.

Кафедранын профессор-окутуучулары «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча күндүзгү бөлүмүндө, магистратурада жана Дисттанттык билим берүү борборунда билим алып жаткан студенттерге «Азыркы кыргыз тили», «Стилистика», «Кыргыз тилин окутуунун методикасы», «Түркология», «Кыргыз фольклорунун жана маданиятынын тарыхы», «Акындар чыгармачылыгынын тарыхы», «Азыркы кыргыз адабияты», «Адабият таанууга киришүү», «Адабият теориясы», «Кыргыз балдар адабияты», «Адабиятты окутуунун методикасы», «Батыш элдер адабияты», «Орус адабияты», «19-к. чейинки кыргыз адабияты» жана университеттеги бардык адистиктерге «Кыргыз тили», «Манастаануу» курсунан лекцияларды окуп, практикалык, семинардык сабактарды өткөрүп келишүүдө. Ошондой эле студенттердин курстук жана дипломдук иштерине, магистранттардын магистрдик иштерине илимий жетекчилик кылышат.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Э.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттери менен байланышка ээ.

 


Академиялык курам 

  • Койлубаева Айгүл Кадырбаевна – ф.и.к.,доцент
  • Иманов Акеш – ф.и.к., профессор
  • Осмонова Жүзөкан – ф.и.к., профессор
  • Дунканаев Абдыкалык Токтогулович – ф.и.к., профессор
  • Асаналиева Кыял Айбашевна – ф.и.к.,доцент
  • Абдыкеримова Аида Эсенгуловна – ф.и.к., профессор
  • Асирдинова Толкун Жолдошевна – ф.и.к.,доцент
  • Толубаева Чолпон Дердебаевна – ф.и.к.,доцент
  • Жумашова Назира Асанкадыровна – ф.и.к.,доцент
  • Анапияева Асел Абдысатаровна – ф.и.к.,доцент
  • Түмөбаева Жазгүл Абдылдакуновна – старший преподаватель
  • Оторбаева Салтанат Батырбековна – преподаватель
  • Сыдыкова Бермет Дженалиевна – преподаватель

Билим берүү программасы


 

Окуу-методикалык иш

Акыркы үч жылда кафедра мүчөлөрү окутуунун жаны технологиялары, билим берүү программасын иштеп чыгуу, билим берүү мекемелерин аккредитациядан өткөрүүнү жүргүзүү боюнча курстарга катышып, 9 сертификатка ээ болушкан.

Кафедра мүчөлөрүнүн окуткан дисциплиналары боюнча окуу-методикалык колдонмолору, окуу китептери, окуу куралдары иштелип чыгып, сaбактарында колдонулат.

Окуу-методикалык колдонмо, окуу-методикалык көрсөтмөлөр:

  • Койлубаева А. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 1-бөлүм. – Каракол, 2014;
  • Койлубаева А.К, Түмөнбаева Ж.А. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 2-бөлүм. – Бишкек, 2015;
  • Дунканаев А.Т., Сатышева Г. ЫМУнун иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлгүлөрү. – Каракол, 2015;
  • Анапияева А. Азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмү боюнча методикалык колдонмо. – Каракол, 2015;
  • Асирдинова Т.,Түргөнбаева А., Курманалиева Ч. Жат жазуулар жыйнагы. – Каракол, 2015;
  • Койлубаева А.К., Түмөнбаева Ж.А. Түркология курсу боюнча окуу-методикалык колдонмо. – Каракол, 2016.
  • Койлубаева А.К., Наматова Э.И. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү. – Каракол, 2016
  • Койлубаева А.К., Оторбаева С.Б. Кеп маданияты. – Каракол, 2016.
  • Койлубаева А.К, Сатыбалдиева М. Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 3-бөлүм. – Бишкек, 2018;
  • Койлубаева А.К., Курманалиева Ч.А., Мусаева А. Курстук иш жазган студенттер үчүн усулдук көрсөтмө (педагогикалык коллдеждер үчүн). – Каракол, ЫМУ, 2019.
  • Койлубаева А.К., Курманалиева Ч.А., Мусаева А. Педагогикалык практиканы өткөрүү боюнча окуу-усулдук көрсөтмө (педагогикалык колледждер үчүн) – Каракол, ЫМУ, 2019;
  • Курманалиева Ч.А., Асирдинова Т.Ж., Мусаева А.А. Башталгыч класстарда жазуу иштерин жүргүзүүнүн жолдору (1-4-класс). – Каракол, 2019.
  • Койлубаева А.К, Кыргыз тили боюнча азыркы сабактын моделдери. 4-бөлүм. – Бишкек, 2019;
  • Койлубаева А.К., Койлубаева А.К. 5-класс үчүн кыргыз тили боюнча окуу-методикалык колдонмо – Бишкек, 2019. (Билим берүү жана илим министрлигин грифи менен басылып чыкты).
  • Асаналиева К.А. Көркөм чыгармаларды интерактивдүү окутуу аттуу методикалык колдонмо. – Каракол, 2016.
  • Толубаева Ч.Д. Мукай Элебаев улуттук адабиятта психологиялык прозанын баштоочусу.- Каракол, 2015.
  • Толубаева Ч.Т. Орус адабияты жана маданиятынан лекциялардын жыйнагы. – Каракол, 2015.

Монографиялар:

  • А.Т.Дунканаев Дидактикалык чыгармалардын тили макал – текст. – Бишкек, 2016
  • Койлубаева А.А., Анапияева А. Кыргыз тилиндеги неологизмдер. – Каракол, 2015; (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан басмадан чыгарылган).
  • Исмаилова Д.Н. Кыргыз тилиндеги антонимдердин грамматикалык табияты. – Б., 2018).
  • Асаналиева К.А. Эрнис Турсуновдун чыгармачылык изденүүсү” Монография. – Каракол, 2015.
  • Окуу китептери жана окуу куралдары;

    • Койлубаева А.К., Койлубаева А.К. Кыргыз тили. 5-класс үчүн окуу китеби. – Бишкек, 2014., – Бишкек, 2018. – Бишкек, 2019. (Билим берүү жана илим министрлигин грифи менен 3 жолу басылып чыкты).
    • Иманов А. Кыргыз тили. 8-класстар үчүн. –Бишкек, 2016. 12 б.т. (авторлош).
    • Асирдинова Т.Ж., Түргөнбаева А.А. Кыргыз тили. –Бишкек, 2018 (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн 1 окуу куралы).
    • Осмонова Ж. “Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү” (20 б.т. а), “Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү” (15 б.т.), “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү (65 б.т.) (2016, сөздүктү түзүүчөрдүн бири.
    • Исмаилова Д.Н. Антонимдерди иликтөөнүн жана окутуунун урунттуу маселелери (окуу куралы). – Бишкек, 2020. 31,5 басма табак. (авторлош).
    • Бегалиев С.Б. Адабият таанууга киришүү.Окуу куралы.- Каракол, 2016.
    • Бегалиев С.Б.“Манас” эпосунун идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү. – Каракол, 2018
    • Жумашова Н.А . Манас” эпосундагы салттык сюжеттик өзгөчөлүктөр. Окуу куралы Гриф менен. – Бишкек, 2019.
    • Абдыкеримова А.Э. (С.Мусаев менен авторлош) Жалпы тил илими. 1-бөлүк. Бишкек, 2021

    Квалификацияны жогорулатуу

    Квалификацияны жогорулатуу боюнча кафедра мүчөлөрү ЫМУнун кызматкерлери окуткан атайын курстардан, семинар-тренингдерден өтүп турат системалуу өтүп турушат. Алсак, акыркы жылдарда кафедра мүчөлөрү А.Дунканаев «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери», А.Койлубаева, А.Анапияева «Билим берүүдөгү заманбап инновациялык технологиялар» боюнча квалификацияны жогорулатуу, окутуу семинарынан, “TEMPUS проектиси боюнча эл аралык семинардан”, “Окуу процессин башкарууда AVN информациялык системасы”, Т.Асирдинова, Ж.Түмөнбаева “Ачык билим берүү ресурстарын даярдоодо инновациялык окутуу жана баалоо методдору”, Т.Асирдинова “Маалымат коммуникациялык технологияларды колдонуу менен окутууга инновациялык кадамдар” курстарынан, Д.Исмаилова “Өзүн-өзү баалоо” боюнча, Т.Асирдинова, А.Койлубаева, Д.Исмаилова, А.Анапияева, Ж.Түмөнбаева, Н.Жумашова “Кесиптик билим берүү боюнча мекемелерди жана программаларды көз карандысыз аккредитациялоо”, Н.Жумашова «Кесиптик окуу жайдын ички сапатын камсыз кылуу системасын түзүү”, “Мектепте жана ЖОЖдо билим берүүнү гуманизациялоо”; А.Анапияева “Жогорку билим берүүнүн мазмунун жаңылоо”, “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери”, “ЖОЖдо өзүн-өзү баалоону жүргүзүү жана отчт даярдоо”; Т. Асирдинова “Евразия мейкиндигинде орус тилинде билим берүү”, “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана усулу”; Т. Асирдинова, Ж. Түмөнбаева, А. Анапияева “Түрк тилин үйрөнүү” курстарынан; Т.Асирдинова, Н.Жумашова, Ч.Толубаева, Б.Сыдыкова, Ж.Түмөнбаевалар “Окутууда жаңы технологияларды колдонуу жана модернизациялоо” аттуу семинар-тренингдерден өткөн жана сертификаттарга ээ болушкан.

    Берилген программада иштеген окутуучулар акыркы 3 жыл ичинде төмөнкү квалификацияны жогорулатуучу курстардан өткөн:

    • Кыргыз Республикасында Болон процессин ишке ашыруу боюнча семинар;
    • Билим берүүдөгү заманбап инновациялык технологиялар» боюнча квалификацияны жогорулатууну окутуу семинары;
    • TEMPUS проектиси боюнча эл аралык семинар ;
    • «Жогорку билим берүүнүн маңызын жаңылоо» семинар-тренинги;
    • Өзүн-өзү баалоо боюнча семинар-трениг;
    • К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Болон процессин ишке ашыруу боюнча семинар-тренинг;
    • «Силлабустарды түзүү. Окутуунун интерактивдүү методдору» семинар-тренинги;
    • Окуу процессин башкарууда AVN информациялык системасы;
    • Ачык билим берүү жана on-line курстарын уюштурууну ишке киргизүү боюнча семинар.
    • Кесиптик окуу жайдын ички сапатын камсыз кылуу системасын түзүү;
    • Мектепте жана ЖОЖдо билим берүүнү гуманизациялоо;
    • Кесиптик билим берүү боюнча мекемелерди жана программаларды көз карандысыз аккредитациялоо семинар-тренинги. Семинар-тренингдердин жыйынтыгында тиешелүү сертификаттар тапшырылган.

    Билим берүү мекемеси, республиканын, КМШнын педагогикалык университеттери менен кызматташат, ошондой эле Түркиянын Кастамону, Мугла Сыткы Кочман, Фырат, Казакстандын Коркыт Ата, Абай университеттери менен да тыгыз кызматтык байланышта. Бул багытта окутуучулар курамы тажрыйба алмашуу максатында 2015-2016-жылдардан баштап стажировкалар уюштурулуп келе жатат.

    “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин окутуучуларынан ф.и.к., доцент К.Асаналиева Ош мамлекеттик университетинде (2018), Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (2019) стажировкалардан мобилдүүлүк боюнча атайын келишимдердин негизинде өтүп келген.

    Мындан тышкары ф.и.д., проф. А.Т.Дунканаев Италияда (2012), Түркияда (2015), Индияда (2016), Москвада (2016); ф.и.к., доцент Д.Исмаилова Түркияда (2016) тажрыйба алмашуудан өтүшүп, тиешелүү дисциплиналар боюнча лекцияларын окуп келишти.


    Практика

    Кыргыз тили адабияты адистигинин окуу планына ылайык аталган адистиктин студенттери адаптациялык, кесиптик-базалык, кесиптик-профилдик практикаларды өтөөдө К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун уставынын негизинде Каракол шаардык билим берүү бөлүмү менен түзүлгөн атайын келишимдин негизинде Каракол шаарынын мектептеринде жана айрым учурда үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу райондук мектептерден өтөшөт. Практикага чыгуунун алдында багыт берүү конференциялары өтүлүп, студенттерге практика боюнча көрсөтмөлөр берилет. Каракол шаарынын №4 А.Акматов атындагы мектеп-гимназиясы, №1 инновациялык мектеп-гимназиясы, №15 Карга Мендегул уулу атындагы мектептерде практикаларын өтөгөн студенттерге предметтик мугалимдер жана мектеп администрациясы тарабынан эң жакшы пикирлер айтылып келүүдө. Практика учурунда студенттер план-конспект түзүү, дидактикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды пайдалануу, сабак өтүүдө жаңы методдорду колдонуу ыкмаларын үйрөнө алышат.


    Илимий иштер

    Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мүчөлөрү илимий-усулдук, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, форумдарга, тегерек столдорго, семинарларга жигердүү катышып, илимий макалаларын жарыялап келишүүдө.

    2021-жылдын 6-майында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн К.Акматовдун 80 жылдыгына карата Эл аралык илимий-практикалык конференцияга кафедра мүчөлөрү ф.и.д., проф. А.Э.Абдыкеримова, ф.и.к., доц. А.К.Койлубаева, ф.и.к., доц. Ч.Д.Толубаева., ф.и.к., доц. Н.А. Жумашовалар баяндамалары менен катышышты. 2021-жылдын 23-июнунда Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата «Ж.Абдрахманов – улут лидери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конфенерция кафедра мүчөсү ф.и.к., доц. Н.А. Жумашова баяндамасы менен катышты. 2021-жылдын 9-сентябрында К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий конференцияларда кафедра мүчөлөрү ф.и.д., проф. А.Иманов, ф.и.д., проф. А.Т.Дунканаев, ф.и.д., проф. А.Э.Абдыкеримова, ф.и.к., доц. А.К.Койлубаева, ф.и.к., доц. Ч.Д.Толубаева., ф.и.к., доц. Н.А. Жумашовалар докладдары менен катышышты. Казакстан Илимдер академиясында Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгына жана Кайнар Академиясынын 30 жылдыгына арналган «Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жана заманбап тренддер» аттуу Эл Аралык илимий практикалык конференицяга ф.и.к., доцент Н.А.Жумашова катышты.

    2022-жылдын 10-11-март күндөрү Репрессия курмандыктарынын 85 жылдыгына арналган «Ак ийилет, бирок сынбайт» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга К.А.Асаналиева, Ч.Д.Толубаева жана Ж.А.Түмөнбаевалар катышып, докладдарын окуп келишти.

    Илимий иштер

     


    Тарбия иштери

     

    Кафедранын профессор-окутуучулары ар бир өтүлгөн сабакта элибиздин нарк-насилин, адеп-ахлагы, нравалык баалуулуктары боюнча тарбиялык маалыматтарды берип турушат. Кафедрада куратор болгон окутуучулар тайпа менен тыгыз иш алып барышып, ар кандай иш-чараларды өткөрүп келишет.

    2021-жылдын 15-декабрында 12-декабрь улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана «Адабият» күнүнө карата КФ-21, КФ-31 (куратор – ага окутуучу Ж.Түмөнбаева) тайпалары тарабынан «Кыргыз адабияты – улуу көчтүн уланышы» аттуу адабий кече өткөрүшүп, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча жана А.Осмоновдун өмүр жолун чагылдырган сценкалар аткарылып, улуу акындын ырлары окулду. «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин КФ-31 тайпасы тарабынан 4-декабрь – «Манас күнүнө» карата «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу адабий кече уюштурулуп, аталган кече Т.Сыдыкбеков атындагы областтык китепканада өткөрүлдү. 2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан өткөрүлгөн «Айтматов-Фиеста» университеттер аралык фестивалына К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Филология факультетинин «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин КФ-31 тайпасынын студенттери Сүйүнүчова Насыят, Абдылдаева Гүлдана, Ырыскелди кызы Айгеримдер катышып, байгелү 2-орунга жетишти. Топту ф.и.к., доцент Толубаева Чолпон Дерденбаевна жетектеп барды. 2021-жылдын 10-декабрында Зияш Бектеновдун 110 жылдыгына карата «Эл үчүн жанын кыйып кылган кызмат, залкарга түбөлүк болсун урмат!» аттуу аукцион-сабак өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, З.Бектеновдун өмүрү, ишмердүүлүгү жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, андан сон ф.и.к., доцент А.К.Койлубаева баяндама жасады.


    Материалдык-техникалык база

    Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын материалдык-техникалык базасы учурдагы өрт эрежелерине ылайык келет жана студенттердин окуу планында каралган дисциплиналар аралык окуусун, практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн толук камсыз кылынган. Кафедрага тиешелүү 4 кабинет – “Манастаануу” кабинети (333), Филология кабинети (332), Орумбаев Турганбай агай атындагы методикалык кабинет (330) жана Кыргыз тили борбору (312) бар. Бул кабинеттер компьютер, проектор жана интерактивдүү доска менен камсыз кылынган. Мультимедиялык жабдуулар ар түрдүү дисциплиналар боюнча лекцияларды, практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн зарыл, анткени ал бардык мугалимдерге окуу, өнүктүрүү программаларын, мультимедиялык окуу куралдарын, фильмдерди, видеороликтерди колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кабинеттерде кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган студенттер үчүн адабий, усулдук жана атайын окуу китептери бар

    Материалдык-техникалык база

     


    Академиялык мобилдүүлүк

    Университеттин академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттер республиканын ичиндеги жана республикадан тышкары келишим түзүлгөн окуу жайлардан окуп, тажрыйба топтоп келишет. Бакалаврдык билим берүү программасы ишке ашып келе жаткан жылдар аралыгында адистиктин студенттеринен Эркинбекова Алтынай (бүтүрүүчү), Шатманова Айсалкын (бүтүрүүчү) Түркиядан стажировкадан өтүп келген болсо, Абдрахманова Салия (бүтүрүүчү), Кубайылдаева Сезим (КФ-31 группасынын студенти) Ош мамлекеттик университетинде бир семестр мөөнөтүндө окуп келишти, учурда КФ-21 группасынын студенттери Кыдырбаев Саламат, Өскөнбаев Адилет, Сагынбаева Айдана академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош мамлекеттик университетине бир семестрлик окууга жиберилди. Ошону менен катар эле республиканын окуу жайларынан «Кыргыз тили жана адабияты» адистигине окуп кеткен студенттер (Насивали кызы Шайыргүл, Аким кызы Айлира, Миталипова Кызжибек. ОшМУ) болду. 2021/2022-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында Ош мамлекеттик университетинен 4 студент: Бактыбек кызы Айзат, Токторали кызы Бермет, Балтабаева Авазкан, Маматова Дилфуза окуп кетишти. Ал эми Кусейинова Калысгүл 2021/2022-окуу жылынын экинчи жарымында ОшМУга окууга кетти.


    Бүтүрүүчүлөр

    ЫМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин көптөгөн көрүнүктүү бүтүрүүчүлөр аяктаган. Алар учурда өлкөнүн билим берүү системасында: жогорку жана орто окуу жайларында, жалпы билим берүүчү мектептерде ийгиликтүү иштеп келишет. Алар өз тармагында мыкты адис болуп, өлкөбүздүн булуъ-бурчтарында иштеп, чон ийгиликтерди жаратууда. Кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүрүүчүлөр мектептин жетекчилик кызматтарында эмгектенгендер арбын. Илим жолуна түшүп, илимге салым кошкон бүтүрүүчүлөрүбүз да арбын.

    ЫМУнун Кыргыз тили жана адабияты адистигинин профессор-окутуучуларынын басымдуу бөлүгү да биздин бүтүрүүчүлөр. Ал эми бүтүрүүчүлөрүбүз филология илимдеринин докторлору, профессорлор А.Абдыкеримова, К.Койлубаев; К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун педагогика факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент – Анапияева Асел Абдысатаровна; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, манасчы Талантаалы Бакчиев; журналист, филология илимдеринин кандидаты Кыял Шаршеева; диктор, журналист Мирзат Муканов, Каныкей Бозгунова, Алфия Супатаева, Айнура Асанабаевалар; №11 мектеп-гимназиясынын директору Сөйкөеева Гүлзат, Ичке-Жергез айылынын А.Истамбеков атындагы мектептин директору Рыспек Исмаилов; Бишкек Мамлектеттик университетинин мамлекттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору – Сатиев Азамат; Кемин райадминистрациясынын башчысынын 1-орун басары – Курманалиева Айгүл өндүү республикага төбөсү көрүнгөн белгилүү, биз сыймыктанган студенттерибиз бар.


    Галерея