Орус тили жана адабияты кафедрасы

Орус тили жана адабияты кафедрасы Пржевальск шаарында 1940- жылдын 13-июнунда эки жылдык мугалимдер институту ачылган күндөн баштап негизделген. Орус адабияты факультетине 50 адам кабыл алынган. Адистиги: орус тили жана адабияты сабагынын мугалим. Андагы жалгыз филология кафедрасынын башчысы В.В. Костылев болгон.

1953-жылдын 22-апрелинде Дмитров атындагы ПМИ ПМПИ болуп өзгөртүлгөн жана факультет бир топ кеейтилген, анда 3 кафедра иштеп жаткан: орус тили кафедрасы, орус тилин окутуунун методикасы жана орус адабияты кафедралары.

1967-жылы сырттан окуу бөлүмү ачылган. 75 жылдык тарыхында орус тили жана адабияты кафедрасы миңдеген орус тилчилерди даярдады. Аталган убакытта орус тилинин теориясы жана тарыхы, аны мектепте окутуунун методикасы тармагына орчундуу илимий изилдөөлөрү менен белгилүү окумуштуулар чыккан алар: Озаровский О.В., Томарченко Н.Г., Чумаков Ю.Н., Янцен В.К., Шаповалов В.И., Канцев А.С., Хлыпенко Г., Мансуза А.Д., Глебов В.Д., Бейшембаев К., Дооталиев Х., Жидеева К., Добаев К.Д ж.б

2007-жылы кафедра Орус тили, адабияты жана журналистика  факультетинин курамында болгон. Кайра уюштуруунун негизинде  азыркы учурда кафедра Орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин  курамында иш алып барат. Азыркы күндө Орус тили жана адабияты кафедрасында 11 адам эмгектенет: 1филология илимдеринин доктору, профессор Абдуллаев С.Н., 6 илимдин кандидаттары: ф.и.к., ЫМУнун ардактуу доценти Абдыкеримов А.А., ф.и.к., доцент Плех З.И., ф.и.к., доцент Абыласынова Г.И., ф.и.к., доцент Кадыркулова У.К., ф.и.к., доцент Абдуманапова З.З., п.и.к. мурадылова Г.Ш., 2 ага окутуучулар Белогорцева М.А., Юсупова А.Х., 1 окутуучу Гиляузизова Н.М., 1 лаборант Жоловчиева С.М.

Кафедранын окуу, окуу-методикалык иш алып баруусу окуу процессин жакшыртуу максатында, студенттерди  орус тилин жана адабиятын окутуууда жаңы тармактарды үйрөтүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүгө, эң башкысы – жогорку квалификациядагы компетенттүү адистерди даярдоого багытталган. Ушуга байланыштуу негизги адистик сабактар  алдыңкы окутуучуларга бекитилген. Алар өз кезегинде  окутуунун практикалык, илимий, илимий-методикалык бет алуусун жаңы басмаларды, монографияларды, макалалар жыйнактарын колдонуу менен күчөтүшкөн. Кафедранын окутуучулары тарабынан азыркы учурда электрондук базалык фонд түзүлүп жатат, электрондук окуу китептер жана куралдар, сабактар боюнча видеокурстар иштелип жатат, ошондой эле бакалавр багытындагы студенттер үчүн Болон системасынын талабына ылайык окуу-методикалык көрсөтмөлөр, силлабустар, окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгууда. Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы  дайыма мультимедиялык технологияларды колдонууу менен сабак өтүшөт: видеотасмаларды көргөзүү, презентациялоолор, слайддар ж.б. кафедранын окутуучулары сабактарда инновациялык технологияларды жана стратегияларды колдонушат. Окутуучулар иш жүзүндө өтүүчү жана сырттан өтүлүүчү эл аралык интернет-конференцияларга, республикалык илимий-практикалык конференцияларга, университеттик семинарларга активдүү катышып, чыгармачылык изденүү менен эмгектенип келишет.

Кафедранын мүчөлөрү «Азыркы  лингвокультурология жана лингводидактиканын актуалдуу маселелери» аттуу илимий  теманын үстүндө иштеп жатышат. Акыркы 5 жыл ичинде кафедранын  профессордук-окутуучулар курамы тарабынан 4 монографиялык иш, 2 окуу куралы, КР Илим жана билим берүү министрлигинин грифи ченен чыккан 1 электрондук окуу китеби, 20 усулдук көрсөтмөлөр жана жүздөн ашуун илимий макалалар жарык көргөн. 2 мамлекеттик бюджет темалары иштелип чыккан. Азыркы учурда 2 доктордук диссертациялык иштер коргоого даярдалууда.

Кафедранын окутуучулары тарабынан тарбия иштери ар дайым жүргүзүлөт. Кураторлор студенттер менен дебаттарды, ой бөлүшүүлөрдү, мааракелерге, белгилүү күндөргө арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушат. Мында студенттерге мекенчилдик сезими, өз алдынча аналитикалык ой жүгүртүү, азыркы күндөгү улуттук жана жалпы адамзаттык балуулуктарды көздөө менен дүйнөнү баалоо көнүмүштөрү бекитилет.   

Орус тили жана адабияты кафедрасынын астында Орус тилин окутуу борбору негизделген. Борбор 2006-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө орус тилинин абалын кеңейтүү жана чыңдоо максатында түзүлгөн. Борбор Орус өкүлчүлүгү, Россотрудничество, РФнын, КРнын, жакынкы жана алыскы  чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барат. Борбордо орус тилин окуп үйрөнүү боюнча окуучулар үчүн, студенттер үчүн башталгычтар жана улантуучулар курстары, орус тилинде иш алып баруучулар  ж.б., деги эле орус тилин окуп үйрөнүүнү каалагандар үчүн курстар түзүлгөн. Борбордун башчысы филология илимдеринин кандидаты, доцент м.а. Абдуманапова З.З.