Машина таануу жана автомобиль транспорту кафедрасы

1985-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун Физика факультетинин курамында “Жалпы техникалык дисциплиналар” кафедрасы уюшулган. Кафедра башчылыкка техника илимдеринин кандидаты, доцент Иманходжаев Черикбай Урманбетович дайындалган. Ал эми Физика факультетинин декандык кызмат ордуна физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент  Калдыбаев Кадырбек Абдылдаевич дайындалган. 1989-жылы   “Жалпы техникалык дисциплиналар” факультети болуп өзүнчө түзүлүп, декандык кызмат орунга техника илимдеринин кандидаты, доцент Иманходжаев Черикбай Урманбетович шайланган. Ал эми “Жалпы техникалык дисциплиналар” кафедрасын техника илимдеринин кандидаты, доцент Абдуллаев Токтобай Курманкулович жетектеген. 1992-жылы Инженердик-педагогикалык факультетте “Машина таануу” жана “Атайын техникалык дисциплиналарды окутуунун методикасы” кафедралары уюшулган. 1994-1999-жылдары “Жаратылышты пайдалануу” факультетинин деканы айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Алыбеков Аскар Алыбекович эмгектенген. 1998-жылы Физика-техникалык факультет түзүлүп, аны физика-математика илимдеринин доктору, профессор Шаршеев Каныбек Шаршеевич жетектеген. Ушул эле жылы аталган кафедралар “Радиоэлектроника жана машина таануу” кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Кафедра башчысы физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Тынаев Акимжан Жакшылыкович бекитилген. 1999-жылы “Радиоэлектроника жана машина таануу” кафедрасы кайрадан “Машина таануу” кафедрасы болуп түзүлүп, техника илимдеринин доктору, профессор Зиялиев Кадырбек Жанузакович жетектеген. 2008-жылы “Машина таануу” жана “Автомобиль транспорту” кафедралары болуп бөлүнгөн. “Машина таануу” кафедрасынын башчылыгына техника илимдеринин кандидаты, доцент Такырбашев Амангелди Бексултанович, ал эми “Автомобиль транспорту” кафедрасынын башчысы болуп техника илимдеринин кандидаты, доцент Аканов Дөөлөтбек Кусейинович дайындалган. 2017-жылы аталган кафедралар бириктирилип “Машина таануу жана автомобиль транспорту” болуп түзүлгөн. 2021-жылы физика-техникалык факультетинин негизинде Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультети түзүлдү. Учурда факультеттин деканы Такырбашев Амангелди Бексултанович.

Гос.стандарт: «Эксплуатация транспортно-технологических машин и комплексов»


Бөлүмдүн курамы

Азыркы учурда, кафедрада 1 техника илимдеринин доктору, профессор, 3 техника илимдеринин кандидаты, доцент, 1 айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, 3 ага окутуучу, 1 окутуучу жана 3 окуу лаборанты эмгектенет. Алардын ичинде техника илимдерининин доктору   Зиялиев К.Ж. –  Эл аралык Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, техника илимдерининн кандидаттары, доценттер Аканов Д.К., Токтакунов Ж.Ш., Такырбашев А.Б. Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденттери. Кафедрадагы илимий даражалуулук 62,5 % ды түзөт.

Аканов Доолотбек Кусейинович – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти

Зиялиев Кадырбек Жанузакович – Техника илимдеринин доктору, ЫМУнун физика-математика жана табигый инженерия факультетинин машина куруу жана автомобиль транспорту кафедрасынын профессору. Эл аралык инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги.

Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович –  К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору. Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мучө-корреспонденти.

Такырбашев Амангелди Бексултанович –  К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математика жана табигый инженерия факультетинин деканы. Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын мучө-корреспонденти

Алыбеков Аскар Алыбекович –  Айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент

Чинбаев Омурбек Конопияевич – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын ага окутуучусу

Жакыпов Нурлан Жанышевич  – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын ага окутуучусу

Тавинтеев Руслан Адылбекович – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын ага окутуучусу

Орозакунова Бактыгүл Кеңешовна Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын окутуучусу

Аскарбеков  Амангул Аскарбекович – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын ага окутуучусу

Марат кызы Аида – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын лаборанты

Асанова Айсулуу Турумбековна – Машина куруу жана А.Т. кафедрасынын лаборанты

Азыркы учурда “Машина таануу жана автомобиль транспорту” кафедрасы төмөдөгү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

Багыты: 550800 – Кесиптик окутуу

Профили: Транспорт жана транспорттук технологиялар

Квалификациясы: Бакалавр

Бүтүрүүчүлөр окуусун аяктагандан кийин:

– кесиптик лицейлерде, колледждерде;

– автотранспорттук ишканаларда жана мекемелерде;

– транспорттук инспекцияда;

– жол-курулуш тармагында;

– автомобилдерди техникалык тейлөөчү жана оңдоочу станцияларда (АТТС);

– жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу мекемелерде (МАИ);

– «Унаа» калкты тейлөөчү борборлордо  (РЭО МАИ);

– айдоочуларды даярдоочу жана кайрадан даярдоочу мекемелерде (автомектептерде);

– жол-транспорттук кырсыктарга техникалык экспертиза жүргүзүүчү кызматтарда иштей алышат.

Багыты: 670200 – Транспорттук–технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо

Профилдери:  Автомобиль сервиси

                        Автомобиль жана автомобиль чарбасы

Квалификациясы: Бакалавр

Бүтүрүүчүлөр окуусун аяктагандан кийин:

– автомобилдерге техникалык тейлөөнү жана оңдоону жүргүзүүчү станцияларда (АТТС);

– фирмалык жана дилердик автомобиль борборлордо;

– автомобилдерди, агрегаттарды, запастык бөлүктөрдү сатуучу салондордо жана дүкөндөрдө;

– эксплуатациялык материалдарды толуктап жана сатуучу пунктарда, станцияларда;

– автотранспорттун техникалык абалын көзөмөлдөөчү мекемелерде;

– транспорттук инспекцияда;

– автомобиль чарбасы  бар ишканаларда иштей алышат.

Багыты: 670300 –Транспорттук  процесстердин технологиясы  

Профилдери: – Кыймылды уюштуруу жана анын коопсуздугу

                        – Транспорттук системаларды башкаруу

Квалификациясы: Бакалавр

 Бүтүрүүчүлөр окуусун аяктагандан кийин:

– автотранспорттук ишканаларда;

– жол кыймылын уюштуруу бөлүмдөрүндө (МАИ);

– «Унаа» калкты тейлөө борборлорунда (РЭО МАИ);

– жол-транспорттук кырсыктарга техникалык экспертиза жүргүзүүчү кызматтарда;

– жол-эксплуатациялык башкармалыгында жана долборлоо мекемелеринде (ЖЭБ);

– айдоочуларды даярдоочу жана кайрадан даярдоочу мекемелерде (автомектептерде);

– транспорттук инспекцияларда иштей алышат.

Багыты: 650400 – Технологиялык машиналар жана жабдуулар

Профили: Тоо өндүрүшүндөгү транспорттук системалар

Квалификациясы: Бакалавр

Бүтүрүүчүлөр окуусун аяктагандан кийин:

– алтын, күмүш, сымап, сурьма, олово, вольфрам, ташкөмүр ж.б кен казып алуучу тоо кендерин казып алуучу ишканаларда (Кумтөр, Жер-Үй, Сары-Жаз, Макмал ж.б.у.с.);

– цемент, мрамор, гипс, курулуш таштарды жана курулуш материалдарын өндүрүүчү мекемелерде иштей алышат: 

Практика өтүү жана ишке орношуу

Студенттер окуу планына ылайык (иш берүүчүлөр жана университет) эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларды өтүшөт.

  Мекеменин аталышы  
1 Каракол шаары №14 кесиптик лицейи
2 Каракол шаары №2 кесиптик лицейи
3 Балыкчы шаары №22 кесиптик лицейи
4 Ананьево айылы №82 кесиптик лицейи
5 Темир айылы №42 кесиптик лицейи
6 Кош-Дөбө айылы №85 кесиптик лицейи
7 Барскоон айылы №55 кесиптик лицейи
8 Бөкөнбаев айылы, № 81 кесиптик лицейи
9 Каракол шаары, № 35 Жол эксплуатациялык башкармалыгы
10 Каракол шаары, ЖЧК “Автомотоклуб”
11 Каракол шаары, ЖЧК “Inter Car” –авто борбору
12 Каракол шаары ЖЧК “ВАДС”
13 Каракол шаары, “Перекресток” АТС

“Кумтор Голдкомпани” тоо кен ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде
Кесипстик окутуу багытындагы 3-курстун студенттери өндүрүштүк практикада болуп келишти.



Ошондой эле, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен Германиянын “BKK-Internationale Fachkärftegewinnung UG” компаниясы менен тузүлгөн келишимдин негизинде Кесиптик окутуу багытындагы 3-курстун студенттери өндүрүштүк практиканы өтүп келүүнүн алдында турушат.