Ош декларациясы

 “Ош декларациясы”. 2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын жети облусунун жети мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору “Ош декларациясына” кол коюшкан. Ага Ош мамлекеттик университети, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, А. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык педагогикалык институту сыяктуу мамлекеттик окуу жайлар кирген. Аталган декларациянын максаты: – ЖОЖдор аралык мобилдүүлүктү активдештирүү жана ички академиялык алмашууну күчөтүү; ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашууну өнүктүрүү; белгилүү окумуштуулардын жана профессорлордун, доценттердин конок лекцияларын, ачык сабактарын уюштуруу; ири эл аралык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу; профессордук-окутуучулук курамдын стажировкадан өтүүлөрүн камсыздоо; илимий изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү; илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, он-лайн, телелекцияларды, видеосабактарды ж.б. мамлекеттик жана университеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү.

Келген студенттерден төмөнкү документтер:

  1. Үч тараптуу келишим.
  2. Окуу боюнча макулдашуу.

Жиберилүүчү студенттерден төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Үч тараптуу келишим.
  2. Окуу боюнча макулдашуу
  3. Кепилдик кат
  4. Анкета
  5. Паспорттун көчүрмөсү
  6. Транскрипт
  7. Окуу планы

Кабыл алуучу окуу жай студенттерди жатакана менен камсыз кылат жана системалуу билим алууга карата толук шарттарды түзүп берет. Ал эми контракттык төлөмдөрдү студенттер өздөрүнүн окуу жайына төлөшөт, кабыл алуучу университетте акысыз билим алышат жана окуган предметтери, алган сессиялык баалары өздөрүнүн окуу жайында таанылат. Студенттерди каттоо бир жылда эки жолу жүргүзүлөт: жазгы семестрге – декабрь айында, күзгү семестрге – май айында.