Чет тилдер кафедрасы

 

Кафедра башчысы:
Ийсаева Анархан Джумакадыровна

Филология илимдеринин кандидаты, доцент;

Адрес: 1 корпус , К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, №422 кабинет

Телефон: +999(552) 577561, +996(702) 575661
E-mail: iisaevaanarhan@iksu.kg



ЧЕТ ТИЛДЕР БӨЛҮМҮНҮН ТАРЫХЫ

           Чет тилдер кафедрасы 1959-жылы орус филологиясы факультетинин курамында түзүлгөн. Чет тил мугалимдерине болгон суроо талаптардын өсүшүнө жана студенттердин контингентинин көрсөткүчтөрүнүн жогорулашына байланыштуу 1998-жылы өз алдынча «Дүйнөлүк тилдер жана байланыштар борбору» болуп түзүлгөн. 1999-жылы белгилүү лингвист, ф.и.д., профессор Жолдош Жусаевич Жусаевдин демилгеси жана аракети менен бул борбор “Чет тилдер институту” болуп өзгөрүп, өз курамына англис тили, немец тили, француз тили бөлүмдөрүн камтыган. Азыркы учурда институт жоюлуп, чет тилдер кафедрасы иштеп жатат. Бул кафедра төмөнкү чет тилдерди окутууну камсыз кылат: англис, кытай, немис, араб тилдери.

           Тɵмɵнкү окутуучулар ɵз убагында кафедраны жетектеп жана анын өнүгүшүнө салым кошушкан: Садыкова Р. К., Карабекова А. К., Шакирбаева Ж. Ш., Шаршекеева Р. М., Өмүрзаков К. И., Мусаева У.Д., Асанбаева Н.Т. ж.б.

          Чет тилдер кафедрасы 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча “Чет тили” профилин жана 531100 Лингвистика багыты боюнча “Котормо жана котормо таануу” профилин “бакалавр” академиялык даражасын ыйгаруу менен адистерди даярдайт.

          Кафедрага караштуу англис, немис, кытай, араб тилдеринин китептери, техникалык каражаттары менен жабдылган борборлору жана кабинеттери бар.

          Мугалимдер Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү илимий-педагогикалык борборлордо квалификацияларын дайыма жогорулатып турушат. Бул максатта ар кандай академиялык мобилдүүлүк программаларына жана эл аралык долбоорлорго катышып, стажировкаларга, тренингдерге жана семинарларга барышат, ошондой эле башка республикалык жана чет өлкөлүк университеттер менен кызматташат.

         Бүгүнкү күндө кафедранын профессордук-окутуучулук курамы 14 штаттык бирдиктен турат, алардын ичинен 2 филология илимдеринин кандидаты, 2 доцент, 5 ага окутуучу, 4 окутуучу бар.

 

Кафедранын академиялык курамы:

  1. Ийсаева А.Дж.-кафедра башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
  2. Абдыракматова Н.К. -филология илимдеринин кандидаты, доцент;
  3. Мусаева У.Д.- ага окутуучу;
  4. Асанбаева Н.Т.-ага окутуучу;
  5. Сагымбаева Э.Дж.- ага окутуучу;
  6. Ногоева Ч.А.-ага окутуучу;
  7. Омурбекова Ч.У.- ага окутуучу;
  8. Иманакунова И.Ж.-ага окутуучу;
  9. Жумагулава Ф.М.-ага окутуучу;
  10. Алыбекова Б.Э.- окутуучу;
  11. Кооманова В.К.-окутуучу;
  12. Малаева А.Т.- окутуучу;

Чет тилдер кафедрасынын билим берүү программаларынын негизги максаттары:

    • Чет тил мугалимдерин жана тилчи-котормочуларды даярдоо: келечекте психология-педагогикалык, уюштуруучулук, башкаруучулук жана илимий-изилдөөчүлүк көндүмдөрү бар, эки чет тилди: англис жана немис тилдерин билген мугалим адисин даярдап чыгаруу.
    • Чет тилдерди окутууда сапаттуу билим берүү: эл аралык мамилелер жана туризм чөйрөсүндөгү муктаждыктарды канааттандырууга жөндөмдүү жогорку сапаттагы адистерди даярдоого.
    • Билим берүү чөйрөсүндө универсалдуу, кесиптик жана атайын компетенцияларга ээ болгон, кесиптик маселелерди чече билген кадрларды даярдоо;

              Тарбиялык иштердин негизинде студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын өнүктүрүүгɵ салым кошуу: аларды максатка умтулууга, уюштуруучулукка, жоопкерчиликке, жарандуулукка, коммуникативдүүлүккɵ, толеранттуулукка даярдоо жана ɵзүн өркүндөтүүгө умтулуу жɵндɵмдүүлүгүн арттыруу.

Милдеттери:

Кафедранын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Берилген дисциплиналарды окутууда заманбап жабдууларды, адабияттарды жана интерактивтүү усулдарды колдонуу менен студенттерге сапаттуу билим берүү;
  • Студенттерди чет тилдерди окутуунун дүйнөлүк жаны тенденциялары менен окутуу;
  • Студенттердин маданияттар аралык байланышын жакшыртуу;
  • Англис тилдүү жана немис тилдүү өлкөлөрдүн тарыхы, адабияты, географиясы жана алардын маданияты менен тааныштыруу;
  • Студенттерге адаптациялык, педагогикалык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профильдик практикасын Караколдун мектептеринде уюштуруу;
  • Суроо-талапка ээ болгон кадрларды даярдоо үчүн региондогу мектептер менен кызматташуу;

Кафедранын окутуучуларынын милдеттери:

  • Квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү, стажировкадан өтүү, окуу куралдарын иштеп чыгуу, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу, университеттеги жана башка университеттерде болуп туруучу конференцияларга жана семинарларга катышуу.

 

 


Образовательная программа

Образовательная программа: Иностранный язык

Матрица соотношений результатов обучения и компетенций: Иностранный язык

Образовательная программа: Перевод и переводоведение

Матрица соотношений результатов обучения м компетенций: Перевод и переводоведение


ОКУУ МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРИ

          Кафедрада окуу-методикалык багытта ай сайын мастер-класстарды өткөрөт: “Чет тили сабактарында видеолоду колдонуу”, “Сабакта англис тилинде драманы жана музыканы колдонуу”, “Эссени туура жазуу жолдору” ж.б. кафедранын окутуучуларынын ачык сабактары жана мастер класстары өз учурунда талкууланат. Жаңы технологияларга жана окутуу усулдарына, презентацияларга, лекцияларга жана практикалык сабактарга акыркы ыкмаларды, усулдарды колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.

          Мугалимдер билим сапатын жогорулатуу максатында өз сабактарында мультимедиялык жабдууларды колдонуп, интерактивдүү ыкмаларды активдүү киргизип, сабактарды жогорку усулдук деңгээлде, чыгармачылык изденүү менен инновациялык ыкмаларды колдонуп өткөрүүгө аракет кылышат.

          Кафедра Ысык-Көл облусунун мугалимдери менен тыгыз кызматташат, бул кафедранын негизги милдеттеринин бири. Кафедранын окутуучулары шаардык мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу семинарларын уюштурушат.

 

          Жыл сайын аймактыктык мектептерде англис тилин окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу боюнча биргелешкен окуу семинарлары өткөрүлөт.

Окутуучулардын алган чакан гранттарына ылайык, кафедранын фонду жыл сайын англис жана немис тилдериндеги заманбап окуу адабияттары, аудио жана видео материалдары менен толукталып турат.

 

Калктын, уюмдардын жана мекемелердин суроо-талабы боюнча англис тилин окуу боюнча акысыз курстар уюштурулат.

Анлис тилин үйрɵнүү долбоорунун негизинде чет тилдер кафедрасынын окутуучулары ЫМУнун жалпы мугалимдер жамаатына жана студенттерине англис тил курстарын ɵтүп жатышат.

Чет тилдерин окуган студенттерге билим деңгээлине жараша сертификаттар тапшырылып турат.

КАФЕДРАНЫН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ

Кафедранын илимий темасы: «Чет тилдерди лингво-дидактикалык жактан изилдөөнүн аспектилери».

          Учурда кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты «Чет тилдерди лингво-дидактикалык жактан изилдөөнүн аспектилери» деген илимий теманын негизиндеги макала-колдонмолордун үстүндө иштеп жатышат.

          Аталган тема боюнча РИНЦ системасында 42 макала чыккан жана көптөгөн методикалык жана окуу куралдары басылып жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен «Англис тилин окутуунун методикасы» 1 окуу китеби, «Академиялык жазуунун жолдору», «Практическая фонетика английского языка», «Өлкө таануу» 3 методикалык колдонмо республиканын жогорку окуу жайларына колдонууга берилген.

Кафедранын окутуучулары эл аралык, республикалык, илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга активдүү катышышкан:

  • Профессор Жолдош Жусаевич Жусаевдин эскерүү кечесине арналган “Тил илими санариптештирүү доорунда” эл аралык илимий-практикалык конференция К.Тыныстанов атындагы ЫМУда өткөрүлдү;
  • Университеттер аралык кызматташтыктын алкагында Б.Б.Городовиков атындагы Калмак Улуттук Университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн «Neue (digitale) Technologien» темасында семинар өткөрүлдү.
  • Б.Б.Городовиков атындагы Калм.Улуттук Университетинин доценттери биздин окутуучуларга жана студенттерге конок лекцияларды жана ачык сабактарды өткөрүштү.
  • Алматыда болуп өткөн Гёте институтунун «Немец тил сабагын окуу максаттары» аттуу онлайн семинарга жана немис тили мугалимдеринин конгрессине окуттучулар катышышкан.
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан өткөрүлгөн «Чет тилдерин окутууда жаңы технологияларды колдонуу» семинарына окутуучулар катышышты.
  • Окутуучулар тɵмɵнкү конференцияларга катышышкан: «Илимий мейкиндик: актуалдуу маселелер, жетишкендиктер жана өнүгүү перспективалары», Россиядагы Анапа шаарында; IX Эл аралык илимий-практикалык конференция: «Замандуу технологиялар глобалдык илимий мейкиндикте», Россияда; Эл аралык илимий-практикалык конференция «Заманбап илимдеги билим жана коом концепциясы» эл аралык илимий-практикалык конференция Россиядагы Волгоград шаарында; конференциялардын жыйынтыгы боюнча макалалар жарыяланды.
  • Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары арасындагы англис тили боюнча облустук олимпиадада Облустук билим берүү институту калыстар тобунун төрагасы болуп ага окутуучу Ногоева Ч.А. дайындалган.

 

 

 

  • Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ өкүлчүлүгү жана Ала-Тоо өнүктүрүү программасынын алкагында ɵткɵн «Индекстелген Scopus журналында макаланы кантип жазуу жана жарыялоо керек» темадагы тренинге Абдрахматова Н.К. катышты.

  • Чет тилдер кафедрасынын доценти ф.и.к. Абдыракматова Н.К. “Табигый тилди иштеп чыгуу жана корпустук лингвистика” аттуу илимий-практикалык семинарга катышты, семинар синхрондук котормо кафедрасынын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин жана Саар университетинин (Германия) биргелешкен аракети менен өткөрүлдү.

 

КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

          Кафедранын окутуучулары квалификациясын тынымсыз жогорулатып турушат: Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөлөрдө илимий жана усулдук стажировкадан өтүп турушат, окуу-методикалык колдонмолорду үстнөн иштеп турушат, мезгил-мезгили менен республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштурушат жана катышышат.

          Жогоруда айтылгандай, окутуу методикасын жакшыртуу, билимин тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу максатында айрым окутуучулар Индия, Малайзия, Түркия, АКШ, Германия, Австрия, Бельгия, Эстония, Греция, Англия ж. б. мамлекеттерге барып келишкен.

Чет тилдер кафедрасынын окутуучулары ар кандай эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышышкан:

  • Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кафедранын доценттери ф.и.к. Ийсаева А.Дж. жана ф.и.к. Абдыракматова Н.К. Грециядагы Салоники шаарындагы Аристотель университетинде англис тилин окутуу методикасы боюнча лекцияларды жана немис тили боюнча ачык практикалык сабактарды өткөрүшкɵн.
  • Окутуучулар үчүн JFDP программасы боюнча Америкада 5 айлык жана бир жылдык стажировкадан Асанбаева Н.Т., Ногоева Ч. А., Ийсаева А. Дж. өтүшткɵн.
  • ITEC программасы боюнча Индияда Сагымбаева Э.Ж., Жумагулов Ф.М., Иманакунов И. Ж. стажировкадан өтүшкɵн.
  • “Ernst Mach – Nachbetreuunsstipendium” жана “Eurasia-Pacific UNINET”” программа менен Абдрахматова Н.К., Ийсаева А.Дж. Австриянын Вена университетинде илимий стажировкадан өтүшкɵн.
  • Америкада өтүлүп турулчу “TESOL”- англис тили мугалимдеринин эл аралык съездине Ийсаева А.Дж., Ногоева Ч. А . катышышкан.
  • Белгиянын Брюссель шаарында мугалимдерди даярдоо боюнча Erasmus Mundus программасына Ногоева Ч.А. катышкан.
  • Иманакунова И. Ж. төмөнкү билим берүү программаларына катышкан: “Actual problems of teaching English” Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университетинде; “Training of trainers’ course” Индиядагы Хайдарабад аймакты өнүктүрүү боюнча улуттук институтунда,; “Erasmus+ Global Mobility” Норвегиядагы Түштүк-Чыгыш университетинин колледжинде,; “Academic writing”, Грузиядагы Батуми мамлекеттик университетинде;

 

 

 

 

  • EUCA-INVEST долбоорунун алкагында Португалиянын Гимарайнш шаарындагы Минью Университетинде «Ишкердик боюнча университеттерге инвестиция салуу” курсунан Кооманова В.К. өткөн.
  • “FLEPP (Foreign Languages Education for Professional Purposes) программага Мусаева У. Д. катышкан, Великобританиядагы Колчестер шаарындагы Эссекский университетинде.
  • Англис тилинин практикалык аспектиси боюнча “Intensive courses of English” курсунан Асанбаева Н.Т. Молдавиядан ɵткɵн.
  • “Nama” фонду тарабынын уюштурулган Малайзиядагы проектке “Roadmap of outstanding academicians” Жумагулава Ф.М. катышкан.
  • Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин билим берүү жана кызматташтык борбору тарабынан уюштурулган Пекиндеги “Кытай тилин окутууну өркүндөтүү жана Кытай маданияты менен тааныштыруу” темасындагы программага Калыкова Нургуль катышкан.

 

 

 

 

 

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА

          Окуу планына ылайык 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча «Чет тили (англис)» профилинин студенттер Каракол шаарынын мектептеринде адаптациялык, кесиптик-базалык, кесиптик-профильдик практикадан өтүшөт. Кээ бир учурларда үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу райондук мектептерде практика ɵтүшɵт.  К.Тыныстанов атындагы ЫМУ менен Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүн ортосунда кызматташуунун негизинде мектептерде педагогикалык практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча келишимге кол коюлган.

          531100 Лингвистика багыты «Котормо жана котормону таануу» адистигинин студенттери уюмдарда жана туристтик борборлордо окуу жана өндүрүштүк практикадан өтүшөт. Практика учурунда студенттерибиз котормочулук жөндөмдөрүн, практикалык билимдерин өркүндөтүп, котормо жана жазуу боюнча тажрыйба алышышат.

          Практиканын алдында багыт берүүчү конференциялар өткөрүлүп, студенттер практиканы аяктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү алышат.

          Практика учурунда окуучулар дидактикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды колдонушат, окутууда жаңы ыкмаларды жана стратегияларды колдонушат, сабактын планын түзүшөт жана сабактарды талдоону үйрөнүшөт.

 

КАФЕДРАНЫН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИ

Тарбиялык иштердин артыкчылыктуу милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Окуучуларды сергек жашоого тарбиялоо.
  • Көп тилдүүлүктү жана түрдүү маданияттарды тааныштыруу менен окуучулардын инсандык сапаттарын калыптандыруу.
  • Жумуш күнүн туура пландаштырууга үйрөтүү жана патриоттук сезимге, Мекенди сүйүүгө, элдик каада-салтты, үрп-адаттарды урматтоого тарбиялоо ж.б.

 

Кураторлордун тарбиялык иштери жалпы университеттик графиктин негизинде түзүлгөн программага ылайык жүргүзүлөт.

          Кураторлор мааракелерге, белгилүү даталарга арналган маектерди, диспуттарды, ар кандай иш-чараларды өткөрүп, анда студенттерди патриоттук сезимдерге, аналитикалык, өз алдынча ой жүгүртүүгө, улуттук жана жалпы баалуулуктарга басым жасоо менен заманбап дүйнөгө баа берүүгө тарбиялайт.

 

          Факультеттин ар бир окуу жылынын ичинде чет тилдер кафедрасы студенттер арасында тарбиялык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Кафедранын көптөгөн окутуучулары окуу топторунун куратор-насаатчылары болушат жана болуп жатышат.

          Кафедранын окутуучулары студенттер менен «Студенттер күнү», «Мугалимдер күнү», «Рождество», «Frohe Weihnachten» (Merry Christmas!) «Thanks Giving Day», «Жаңы жыл», «Нооруз», «Кыргыз элинин каада-салты»  ж.б. студенттерге арналган маданий иш-чараларды дайыма өткөрүп турушат.

 

 

          Студенттер үчүн «Окурмандар клубу» бар. Биздин студенттерге маектештери менен баарлашууга, мурда окулган чыгармалар боюнча ой-пикирин айтууга жана пикирлештерин табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мунун баары студенттердин ой жүгүртүүсүн, билимин, көз карашын байытууга жана эл алдында сүйлөгө б.а. сүйлөө көндүмдөрүн үйрөнүүгɵ салым кошот.

 


СТУДЕНТТЕРДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮ

 

          Биздин ЫМУнун Smart Lab долбоорунун студенттери Чехиянын Бруно шаарындагы Масарык университетинде Эразмус+ долбоорунун алкагында «Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы ишкердик университеттерине инвестициялоо» эл аралык студенттик окуу семинарына жана студенттер үчүн стажировкага катышышкан.

 

          Биздин студенттер Португалиядагы ERASMUS+ долбоорунун “Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы ишкердик университеттерине инвестициялоо” долбоорунун алкагында Гимарас университетинде “Euca-Invest Entrepreneurship in Central Asia and Georgia Universities” эл аралык студенттик долбооруна катышышкан.

 

          Жумакадырова Нагима cтуденттердин академиялык мобилдик программасы ERASMUS+ боюнча Грециянын Салоники шаарындагы Аристотель университетинде 2022-жылдын 6-семестрында билим алып келген.

 

 

          Ахатова Нуркыз Грециянын Салоники шарындагы Аристотель университетинде ERASMUS+ кредиттик мобилдүүлүк боюнча 2023-жылы бир семестр стажировкадан өттү.

 

 

Төмөнкү студенттерибиз Президенттик стипендияга ээ болушкан:

Ахатова Нуркыз, Касымова Азиза, Жумакадырова Нагима, Сатыбалдиева Каухар, Аблаева Айганыш.

   Ахатова Нуркыз, 2022 ж.

  Касымова Азиза, 2021 ж.

  Жумакадырова Нагима, 2021 ж.

  Сатыбалдиева Каухар, 2017 ж.

 Аблаева Айганыш, 2016 ж.

 


Байланыштар:

722220, Кыргызстан, Ысык-Көл облусу,

Каракол шаары, Ю.Абдрахманова к. 103.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети,

E-mail: foreigndep@iksu.kg

Бөлүмдүн дареги: ЫМУ 1 корпусу, №413 кабинет.