“Вестник ИГУ” журналынын редакциясы.

Бөлүм кызматкерлери

Редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы – Жумашева Женишгул Джанышбековна

  •  Адрес: Абдрахманова к., 103 II корпус ЫМУ, 312-каб 
  • тел.: +996 3922 52696
  • Почта: Jakypova4ynar1996@gmail.com

Редакциялык-басма бөлүмү 1998-жылы редакциялык бөлүм катары уюшулуп, бөлүмдө 3 кызматкер эмгектенген. 2001-жылы басма бөлүмү менен буга чейин өз алдынча бөлүм болгон типография менен бириктирилип, редакциялык-басма бөлүмү түзүлгөн. Бөлүмдүн башчысы болуп Ч.Жакыпова дайындалган. Ошондон бери редакциялык-басма бөлүмү илимий-теориялык жана методикалык басылмаларды, окуу адабияттарын, окуу процессин камсыздоого тиешелүү документацияларды ж.б. даярдап чыгаруу иштерин аткарып келе жатат. Азыркы мезгилде бөлүмдө 6 кызматкер: бөлүмдүн башчысы, 2 редактор-корректор (орус жана кыргыз тилдери боюнча, филология илимдеринин доктору жана филология илимдеринин кандидаты), техникалык редактор (педагогика илимдеринин доктору), инженер-пргораммист жана оператор эмгектенет. Бөлүм Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы, Х.Карасаев атындагы БГУнун басма бөлүмү, «БиМ полиграфия» ЖЧК, Караколдогу «Дархан», «Мастер Принт» типографиялары менен тыгыз кызматташтыкка ээ.
Негизги милдеттери – «ЫМУнун жарчысы», «Кыргыз тили жана адабияты» илимий-теориялык жана методикалык журналдарын даярдап жарыкка чыгаруу; ЫМУнун Окумуштуулар кеңеши жана Окуу-методикалык бирикмеси тарабынан басмага сунуш кылынган окуу китептерин, окуу куралдарын, методикалык көрсөтмөлөрдү, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын авторефераттарын, монографияларды, ОИБ тарабынан даярдалган документтерди ж.б. басып чыгаруу боюнча иш алып баруу; республикада жана чет өлкөлөрдө чыгарылган илимий-методикалык басылмалардын редакциялары менен байланыш түзүү; автордук укук жаатындагы өкүлчүлүк жана арачылык иштерин жүргүзүү.
Редакциялык-басма бөлүмү уюшулгандан бери «ЫМУнун жарчысы» журналынын 46 жана «Кыргыз тили жана адабияты» журналынын 30 саны даярдалып, жарык көрдү. Ошондой эле көптөгөн окуу китептери, окуу куралдары, окуу-методикалык көрсөтмөлөр, авторефераттар, монографиялар, 13 маалыматтык бюллетень, илимий-практикалык конференциялардын материалдарынын жыйнактары, жыл сайын кабыл алуу комиссиясынын “Абитуриент” буклеттери, окуу-инспекциялык башкармалык тарабынан даярдалган ар кыл бюллетендер ж.б. документтер басылып чыккан.

«ЫМУнун жарчысы» жана «Кыргыз тили жана адабияты» журналдары

«ЫМУнун жарчысы» 1999-жылдын январында негизделген. Бир жылдан соң университетте Бишкек мамлекеттик университети менен биргелешкен «Кыргыз тили жана адабияты» илимий-теориялык жана методикалык журналы жарык көрө баштады. Бул журналдар педагогдордун, илимпоздордун, аспиранттардын, докторанттардын жана изденүүчүлөрдүн басма талаптарына толугу менен жооп берген макалаларын, илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялайт. Басылмалар Эл аралык басма коомунун жана КР ЖАКтын кандидаттык жана докторлук диссертацияларды даярдоо үчүн макалаларды жарыялоо боюнча комиссиясынын уруксатына ээ.
«ЫМУнун жарчысы» менен «Кыргыз тили жана адабияты» КР Конституциясынын жоболору менен принциптерин, ошондой эле «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» Мыйзамды, «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» Мыйзамды, «Билим» Улуттук билим берүү программасын, КР Жарандык Кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын жетекчиликке алган илимий-теориялык жана методикалык журналдар болуп саналышат. Азыркы учурда аталган журналдар Ысык-Көл аймагындагы бирден-бир илимий-маалыматтык жана методикалык басылмалар болуп саналуу менен, жылына 2-3 ирет кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көрөт.