ЫМУнун студенттери “Кургак учукка каршы күрөшүү” марафонунда алдыңкы орундарга ээ болушту

2021-жылдын 24-мартында Каракол шаарында “Кургак учукка каршы күрөшүү” күнүнө карата өткөрүлгөн марафонго К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин студенттери дагы катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2021-жылдын 29-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүнө арналган адабий кече уюштурулду

2021-жылы 26-мартта орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин студенттери Марина Алексеевна Белагорцеванын жетекчилиги астында Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепканада болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүнө арналган “Поэзия бул менин мамлекетим, мен анын түбөлүктүү жашоочусумун ” темасындагы алабий кечеге катышышты.

51-областтык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды

2021-жылдын 26-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда 51-областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чараны Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору М.И.Курманалиев ачып берип, өз сөзүндө олимпиада катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

К.Эсенкожоевдин 100 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү

2021-жылдын 26-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манастаануу кафедрасынын окутуучулары, балдар адабиятынын көрүнүктүү жазуучусу К.Эсенкожоевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата адабий кече уюштурушту.

ЫМУнун студенттери Олимпиада катышуучуларын куттукташты

2021-жылдын 24-25-мартында Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде областтык олимпиаданын 2-этабы өткөрүлүүдө. Сынактын экинчи күнүндө К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери жана окуу жайдын “Асылжан” бийчилер тобу олимпиадага талыкпай даярданып катышкан окуучулардын көңүлдөрүн көтөрүп, мотивация берүү максатында чакан концерт уюштурушту.

ЫМУда STEAM Билим Кербени болуп өттү

2021-жылдын 24-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган STEAM Билим Кербени болуп өттү. Кербен STEAM багытындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана студенттери үчүн окутуу методикасын колдонууга кызыгууну ойготуу максатын көздөйт.

Түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды

2021-жылдын 23-мартында түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Иманбаев ачып берип, өз сөзүндө угуучуларды курсту ийгиликтуу аякташы менен куттуктап өттү.

ЫМУнун колледжинде “Мектептер менен өз ара кызматташуу билим берүү сапатынын бирден-бир шарты” деген темада тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 19-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинде “Мектептер менен өз ара кызматташуу билим берүү сапатынын бирден-бир шарты” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго иш берүүчүлөр, англис тил мугалимдери жана Колледждин Чет тили адистигинин бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышышты.