“К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун облустук жалпы билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары” аттуу тегерек стол уюштурду

2021-жылдын 20-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен биргеликте “К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун облустук жалпы билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары” аттуу тегерек стол уюштурду. Тегерек стол КР Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Курманалиев Максат Ишембиевич жана ошондой эле Ысык-Көл облусундагы 100 мектептин директорлору жана окуу бөлүмүнүн башчыларынын катышуусунда болуп өттү.Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө ЫМУнун факультеттерин жана колледжин тааныткан билим берүү жарманкеси болуп өттү. Жарманкеде мектептин директорлору университеттин факультеттеринин жана колледжинин окутуу программалары, багыттары, окутуучулары, студенттери, бүтүрүүчүлөрү жана эл аралык академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кенен маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгү окуу жайдын жыйын залында улантылды. Тегерек столду К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич ачып берип, иш-чараны уюштуруу максаты, азыркы убактагы университет менен мектептердин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана окуу жайдын алдыга койгон максаттары тууралуу сөз кылды. “К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен облустун мектептери тыгыз байланышта деп эсептейм. Анктени, университетке көбүнчө биздин облустун мектеп бүтүрүүчүлөрү келет. Ошол эле учурда, окуу жай педагогика жаатындагы адистерди даярдап мектептерди мугалим менен камсыз кылышат”, – деп белгиледи. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович ЫМУ тууралуу кенен презентация кылып, окуу жайдын потенциалы жөнүндө сөз кылды. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Арбаев Калыс Асанович абитуриенттерди кабыл алуу системасынын жаңы алгоритми менен тааныштырып, өзүнүн жооптуу катчы катары иш тажрыйбасындагы абитуриенттер арасында болуп жаткан маселелерге токтолуп өттү.Тегерек столдун үчүнчү бөлүгүн Догдургүл Шаршеевна ачып берди. Ал өзүнүн сөзүндө К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун көтөрүп жаткан демилгесин жактырып, мектеп директорлорун колдоого чакырды. “Азыр жаштардын көбүнчөсү сыртка качып жатышат. Бирок, регионду өнүктүрүү максатында айылда калып иш алып баруу керек… Биргеликте иштеп, кызматташуу зарыл”, – деп билдирди Догдургүл Шаршеевна. Максат Ишембиевич облустагы мектеп бүтүрүүчүлөрү жана мектептеги жетишпеген кадрлар тууралуу сөз кылды. Ал өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн айтып, регионду өнүктүрүү жана сапаттуу кадрларды чыгаруу максатында кызматташтыкты өстүрүү керек экендигин белгилеп өттү. Андан соң, суроо-жооп сессиясына орун берилип, мектеп директорлору суроолорун берип, өзүлөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын киргизишти.