Биринчи жолу ЫМУда бюджет жалпы коллектив тарабынан бекитилди

2021-жылдын 22-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде баардык санитардык нормаларды сактоо менен жалпы жыйын болуп өттү. Жыйында 4 маселе каралды: 1. Университеттин 2020-жылдагы бюджеттик жана атайын каражат эсебинен киреше жана чыгашаларынын отчету (ЫМУнун башкы эсеп-кысапчысы М.Токтогулов); 2. К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун 2021-жылга мамлекеттик бюджет жана атайын эсеп сметаларын бекитүү (ЫМУнун ага экономисти Н.Сманова); 3. 2021-жылдын 1-январына карата ЫМУнун карамагындагы окуу-имараттар, кызматтык квартиралар жана жер тилкелер ж.б. мүлктөр тууралуу (ЫМУнун Административдик-чарбалык иштер боюнча проректор Р.Джолдошалиев); 4. Университеттин акыркы 5 жылда эл аралык байланыштарынын абалы жөнүндө (ЫМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы И.Иманакунова)Аталган маселелер боюнча жооптуу кызматкерлер маалыматтарын бергенден соң талкуу жүрүп, суроолор берилип, сунуштар киргизилди. 2021-жылдын Сметасы жалпы профессордук-окутуучулук жамаат тарабынан бекитилди. Сметаны жалпы жамаатын талкуусуна чыгарып, бекитүү университетте биринчи жолу болду.Жыйынды ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич университеттин келечекке болгон максаттарын айтып, коллективге ыраазычык билдирүүсү менен жыйынтыктады.