Колледждин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында түзүлгөн атайын комиссиянын отчету

2021-жылдын 26-январында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында түзүлгөн атайын комиссиянын жүргүзгөн анализинин жыйынтыктары тууралуу жыйын болуп өттү. Жыйынга колледждин жалпы жамааты катышып, комиссия тарабынан айтылган сунуштар талкууланды. Жыйын баардык санитардык нормаларды сактоо менен өттү.

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи – орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын жүзөгө ашыруучу ЫМУнун алдындагы түзүм. Билим берүү күндүзгү жана сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырылып, 19 адистик боюнча кадрларды даярдайт. Азыркы учурда колледжде 842 студент билим алып жатат.