К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары “Окумуштуулардан – балдарга” акциясында калыстык тобунун мүчөсү катары катышышты

К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары “Илим техника жана өндүрүш” жумалыгынын алкагында уюштурулган “Окумуштуулардан – балдарга” акциясында калыстык тобунун мүчөсү катары катышышты.

2021-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана “Алтын түйүн” БРИТАнын 60 жылдыгына арналган “Илим техника жана өндүрүш” жумалыгынын алкагында Ак-Суу айылындагы Киров атындагы мектеп-гимназиясында “Окумуштуулардан – балдарга” акциясы болуп өттү. Иш-чарада Ак-Суу районунун 34 мектебинин окуучулары жети табигый-математикалык жана техникалык багыттардагы конкурстарга катышышты. Анын ичинен “Долбоорлор” жана “Чыгармачыл идея” конкурстарында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун үзгүлтүксүз билим берүү борборунун директору, физика-математикалык илимдеринин кандидаты Байболотов Б.А., «Машина таануу жана автомобилдик транспорту» кафедрасынын башчысы, доцент Такырбашев А.Б. жана “Математика, информациялык системалар жана технологиялар” кафедрасынын окутуучусу Дүйшөмбаев Ж.Ж. калыстар тобунун мүчөсү болуп беришти. Окутуучулар конкурска коюлган иштерди баалап, эң мыкты идеяларды жана долбоорлорду аныкташты. Иш-чаранын соңунда окуучуларга ийгилик каалап, жеңүүчүлөрдүн сыйлыктарын тапшырышты