Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата “Тарых күүсүндөгү айтылуу аалым Кусейин Карасаевге 120 жыл” деген темада онлайн конференция өттү

2021-жылдын 9-февралында Орус филологиясы жана чет тилдер факультетинин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасы Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, улуттук тунгуч лексикограф, лексиколог Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата “Тарых күүсүндөгү айтылуу аалым Кусейин Карасаевге 120 жыл” деген темада онлайн конференция өттү. Конференцияга мамлекеттик тил проректору Атыгаев Бакыт Исаевич, факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Конференция кыргыз, орус, англис тилдеринде болду. Факультеттин студенттери Мирланова Бегимай (ИА-31), Ахатова Нуркыз (ИА-11) дил баяндары менен, Султангазиева Алия (ИА-21), Атабек кызы Айганыш (ПП-31), Касымова Азиза (ПП-31), Асылбекова Айсулуу (ПП-31), Кайыпбеков Алихан (ПП-11), Кубайылдаева Айназик (ИА-21), Канатбекова Акылай (ИА-21) баяндамалары менен жана Кенжебаева Жазгүл (ИА-31) автордук ыр саптары менен катышышты. Бакыт Исаевич, Назгуль Кусуевна, Анархан Жумакадыровна, Умут Дуйшембиевна студенттерге ыраазычылыктарын билдирип, конференция жогорку деӉгээлде өткөнүн белгилешти “Бул конференция улуу илимпоздун өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу жана кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында өткөрүлдү”-, деп конференциянын уюштуруучусу Жумагулова Фарида Мусакадыровна өз сөзүндө белгиледи.