ЫМУнун ректору студенттер менен жолугушту

2021-жылдын 9-февралында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, Иманбаев Аскар Асангазиевич студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ректор окуу процесси, маданий-массалык, спорттук иш-чаралардын жүрүшү тууралуу ой-пикирлери менен бөлүшүп, студенттердин демилгелерин колдоо, окуу-тарбия иштерине байланышкан шарттарды түзүп берүүнү айтты. Жолугушууунун жүрүшүндө студенттер ректор, Аскар Асангазиевичке сунуш пикирлерин айтып суроолорун беришти.

Мындан сырткары, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Атыгаев Бактыбыек Исаевич, абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Арбаев Калысбек Асанович, бүтүрүүчүлөр бөлүмүнүн башкы адиси Арзыматов Болот Мамбеттурдиевичтерге сөз берилди. Жыйналыштын соңунда Аскар Асангазиевич студенттерге каалоо тилегин айтуу менен университеттен терең билим, татыктуу тарбия алууга ишеним артаарын билдирди. Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү.