“Коом жана тарбия” темасында тренинг болуп өттү

2021-жылдын 11-12-февралында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте уюштурулган “Коом жана тарбия” темасындагы тренинг болуп өттү. Иш-чара Каракол шаарынын мектептеринин мугалимдери жана ЫМУнун окутуучулары үчүн уюштурулуп, Улуу Тендик фондунун мүчөсү, тренер-психолог Бегайым Сейтказиева, Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары Осмонова Миргуль жана Сарбанова Арчанын алып баруусунда болуп өттү. Тренингде сөз кудурети, дипломатия, медиация, мамиле түшүнүктөрү жана ошондой эле тайм менеджмент, стереотиптер жана жашоонун максаты темалары каралды. Тренингдин соңунда катышуучулардан тест алынып, ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич жана Каракол шаардык кенешинин жооптуу катчысы Майрыков Эрмек Авенович сертификаттарын тапшырышты. Катышуучулар бул эки күн жемиштүү болгонун жана жаңы, пайдалуу нерселерди үйрөнүшкөнүн баса белгилешти.