Табигый илимдер кафедрасы


Кафедранын негизги максаттары:

 – Ысык-Көл облусунда жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жогорку квалификациялуу химия, биология жана география мугалимдерин даярдоо;

  •  Тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө билим берүүнүн кесиптик маселелерин   компетенттүүлүккө негизделген чечимдер менен чече билүүгө жөндөмдүү мугалимди даярдоо.
  •  Педагогикалык багыттагы билимди калыптандыруу, табигый илимдерди окутуунун методикасы жана инновациялык технологиялар менен тааныштыруу.

Ошондой эле, студенттерди изилдөө ишин жүргүзүүгө үйрөтүү, курстук иштерди жазуу жана квалификациялуу тезистерди курчап турган чөйрөдөгү химиялык кубулуштарды комплекстүү аналитикалык изилдөө жана талдоо багытында тааныштыруу.

Тарыхы

Аймактын жалпы билим берүүчү мектептеринде табигый илимдер багытында педагогикалык кадрларга болгон муктаждыктан 1971-жылы табигый илимдер кафедрасы, ал эми 1974-жылы  табигый-географиялык факультет түзүлгөн. Факультеттин негизги максаты география жана биология мугалимдерин даярдоо болгон.

Азыркы учурда кафедра 550100 «Табигый илимий билим берүү» багытында «Биология», «Химия», «География»,  «Биотехнология» адистиктери боюнча кадрларды даярдоону ишке ашырат.


Академиялык курам

  1. Ибраева К.Б. – биология илимдеринин кандидаты, ага окутуучу
  2.  Асанбеков И.Б. – кандидат сельско-хозяйственных наук, доцент
  3. Осмонов И.О. – айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент
  4. Качекова Ш.К. – химия илимдеринин кандидаты, доцент
  5.  Кадыркулова Сыйнабубу – биология илимдеринин кандидаты, доцент
  6.  Сариева Г.Е. – биология илимдеринин кандидаты, доцент
  7.  Иванов А.В. – айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент
  8.  Асанбекова А.Ч. – айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент
  9.  Абдыраманова Н.Т. – ага окутуучу
  10.  Тутаевна Ж.Т. – ага окутуучу
  11.  Чынтемирович Я.Ч. – окутуучу
  12.  Акматалиев Ж.Т. – окутуучу
  13.  Куренкеев Т.К. – окутуучу
  14.  Самидинова С.Ж. – окутуучу
  15.  Сагынбекова Тумар – окутуучу
  16.  Каныбеков А.К. – окутуучу
  17.  Кайфунова Р.И. – окутуучу
  18.  Исхаровна А.И. – окутуучу
  19.  Балтабаева Э.К. – Лаборант
  20.  Каликазиева М.К. – баш. лаборант
  21.  Сатыбалдиева Л.Б. – баш. лаборант
  22.  Касымбек кызы Эльвира – лаб.лаб.

Окутуучулардын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу максатында кафедра мүчөлөрү чет өлкөлүк университеттерде жана илимий-изилдөө борборунда эл аралык программаларга жана илимий стажировкаларга катышкан. Мисалы, доцент Г.Е.Сариева Сантьяго де Компостела шаарында (Испания), Байрот университетинде (Германия), Берлин университетинде стажировкадан  өткөн. Доцент Ч.А.Асанбекова ITEC эл аралык программасынын негизинде  Индиядагы Жер семирткичтердин агрохимиялык  илимий-изилдөө борборунда  илимий стажировкада болуп кайткан.


Кафедранын материалдык-техникалык базасы

Кафедранын окуу материалдык-техникалык базасында сабактарды сапаттуу өткөрүү үчүн лекция окулуучу залдар, атайын кабинеттер, лабораториялар, мултимедиялык класстар бар. 2016-жылы эл аралык илимий-техникалык борбордун (МНТЦ) колдоосу менен  молекулярдык биохимиялык лаборатория ачылган.

2016-жылы эл аралык илимий-техникалык борбордун базасында молекулярдык биохимиялык лаборатория негизделген. 2017-жылы кафедра жаңы “Биотехнология” адистиги ачылган.


Окуу-методикалык ишмердүүлүгү

Жыл сайын кафедранын профессордук-окутуучулук курамы максаттуу түрдө окуу-методикалык жактан камсыздоонун үстүндө иштешет. СРС, иллюстрациялык жана маалымдамалар үчүн методикалык көрсөтмөлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы лекциялардын курстары, лабораториялык жумуштарды жана практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу боюнча методикалык көрсөтмөлөр, студенттердин мониторингин жана аралык аттестациясын өткөрүү үчүн тесттик тапшырмалар, курстук иштерди жүзөгө ашыруу боюнча көрсөтмөлөр, окуу сабактарынын окуу-усулдук комплекстерин түзүү, окуу китептери жана окуу куралдары, анын ичинде электрондук , окуу процессинин муктаждыгын канааттандырган материалдардын үстүндө иштешет.

Окутуунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана сабактардын бардык түрлөрүн өткөрүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, окутуу иш-чараларынын сапаты текшерилип турат.


Карьералык перспективалар

2017-жылы ачылган «Биотехнология» адистиги Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришиндеги талаптарга негизделген.  Бул адистик боюнча билим алып жаткан студенттер медициналык мекемелерде, ветеринарияда, тамак-аш, айыл чарба, таза суунун сапатын текшерүүдө, биогаз жана илимий лабораториялардын ар түрдүү тармактарында иштей алышат. Бажы биримдигине кирүүдөгү талаптарга коюлган стандарттык сертификаттарды алуу үчүн өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды биотехнологиялык анализдөө иштеринде эмгектене алышат. 


Студенттердин жашоосу

 Кафедранын студенттери ар түрдүү деңгээлде өткөзүлүп келген илимий жана маданий иш-чараларга активдүү катышып, алдыңкы орундарга жетишип, сертификат жана дипломдорго ээ болуп келишүүдө. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү республикабыздын ар кайсы жеринде билим берүү тармагында жана башка тармактарда ийгиликтүү эмгектенишүүдө. Алардын арасында  тажрыйбалуу педагогдор, КР билим берүүсүнүн отличниктери, мектеп-гимназия жана лицейлердин директорлору, ошондой эле Ж.Урумов, А.Жапаров, С.Абдрахманов, Р.Атаев, Р.Байгазиева ж.б. сыяктуу жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар (илимдин докторлору, кандидаттары) бар. 


Бүтүрүүчүлөр

«Химия» адистиги боюнча

  • Мураталиева Анара – «Кумтөр Голд Компаниде» лаборант.
  • Осмоналиева Индира – Облустук бириктирилген ооруканасында лабораториянын башчысы.
  • Осмонова Чынара – Жыл мугалими 2019г., №1 В.И. Ленин атындагы инновациондук мектеп-гимназиясы

«География» адистиги боюнча

  • Жапаров Алтынбек – №12 Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын директору
  • Осмонбаева Кымбат Б. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Табигый илимдер жана дене тарбия” факультетинин деканы
  • Аблешов Таалай Б. –  И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факултетинин туризм кафедрасынын башчысы.
  • Асанбекова Мээрим И. – Кыргызстан эл аралык университетинин «Табигый илимдер дисциплиналар» кафедрасынын ага окутуучусу.

«Биология»адистиги боюнча

  • Осмонов Эрмек Рыспекович – Каракол шаардык чумага каршы бөлүмүнүн 2-категориядагы врач-бактериологу (КПЧО)
  • Макеева Чолпон Кубанычбековна – И.К. Ахунбаев атындагы КММА да медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу