Дене тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасы


Кафедранын негизги максаттары:

  • бүтүрүүчүнүн дене тарбия жана спорт жаатында ийгиликтерди жаратуусуна, анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногундагы туруктуулугуна көмөктөш боло турган, универсалдуу жана кесиптик компетенттүүлүккө ээ болууга мүмкүндүк берген жогорку кесиптик профилдүү билим берүү;
  • жашоого даярдык жана жигердүү жарандык позицияга ээ болуусуна көмөк көрсөтүү;
  • максаттуулукка, уюшкандыкка, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке, жарандыкка, баарлашууга, толеранттуулукка тарбиялоо, этиканы үйрөтүү жана инсандык өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Кафедранын тарыхы

Кафедранын тарыхы Ысык-Көл облусунун аймагында дене тарбия мугалимдеринин  жетишсиздигинен педагогика жана башталгыч билим берүү факультетинин курамында 1999-жылы дене тарбия багыты боюнча дене тарбия жана спортту окутуунун усулу кафедрасы ачылгандан башталат. Кафедранын түптөлүүсүндө окуу, тарбия жана спорттук иштерде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, ошондой эле К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бүтүрүүчүлөрү көрүнүктүү иштерди жасашкан. 2002-жылы  тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. 2012-жылдан азыркы убакка чейин табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин курамында иш жүргүзүп келет.


Академиялык курам

Бүгүнкү күндө  кафедрада 15 окутуучу эмгектенүүдө. Алардын ичинен педагогика илиминин 1 кандидаты, доцент, биология илимдеринин 1 кандидаты, доцент, медицина илимдеринин  1 кандидаты, доцент;  илимий даражасы жок 4 доцент,  3 ага окутуучулар , 4 окутуучу жана 1 методист бар.  Кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын 4 мүчөсү:  Б.Сабатаров, С.Аматов, Т.Кульчунов жана А.Иманбаевдер – «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары, ошондой эле  7 адам – «Эл агартуунун отличниги»,  6 адам – «Дене тарбия жана спорттун отличниги».

Кудайбергенова Анара Кыдыргановна

Материалдык-техникалык базасы

Дене тарбия адисин даярдоо үчүн адистик сабактарга университеттин заманбап спорттук комплекси, башкы окуу корпусунун усулдук №203-, 319-аудиториялары, №420-спорттук-оюн залы, ошондой эле, футбол, баскетбол, волейбол оюндарынын аянтчалары пайдаланылдат. Андан сырткары, жыл сайын спорттук инвентарь, шаймандар менен жабдылып жаныртылып турат. Адистиктин окуу дисциплиналары боюнча университеттин илимий китепканасында окуу куралдар жетиштүү.


Окуу-методикалык иштери

Кафедранын окутуучулары тарабынан акыркы 10 жыл аралыгында бардыгы 5тен ашык окуу-курал китеби жана 100дөн ашык илимий макалалар жарык көрдү. П.и.к., доцент А. Иманбаевдин “Педагогикалык ишмердүүлүктө окуучулардын ден соолугун чыңдоо боюнча дене тарбиялык каражаттарды колдонуу”, Кенже окуучулардын денесин тарбиялоо боюнча студенттерди ишке даярдоо” ж.б., доцент Ш. Даутовдун “Баскетболчуларды атайын денелик даярдоо методикасы”, “Баскетболчуну жекече машыктыруу” ж.б., доцент Т. Кульчуновдун “Спорттук күрөштүн тактикасы”, “Практика мезгилинде күрөш сабагын өткөрүү” ж.б., ага окутуучу А.Усуповдун “Кичи-футболду үйрөтүү”, С. Сулаймановдун “Волейболчулардын техникалык жана тактикалык даярдыктарын үйрөтүү” аталыштагы методикалык окуу куралдары жарык көргөн. Андан сырткары доцент Даутов Ш.А. “Баскетболдун теориясы жана усулу” дисциплинасы боюнча “Баскетболчунун жекече машыгуулары” аталышындагы окуу куралы даярдалууда.

Ар бир окуу жылында кафедранын бардык окутуучулары ачык сабактарды жана методикалык семинарларды уюштуруп өткөрүп келишет. Белгиленген мөөнөттөн мурда кафедрада сабактын план конспектиси талкууланып өтүүгө сунушталып токтому түзүлөт жана рецензиясы жазылат.

Окуу пландын негизинде адистикте төмөндөгү дисциплиналар боюнча курстук иштерди аткаруу каралган: “Спорттун тандалып алынган түрүнүн теориясы жана усулу”; “Дене тарбиянын теориясы жана усулу жана спорттун теориясы” жана “Дене тарбиянын педагогикасы/психологиясы”. Курстук иштердин тематикасы окуу жылдын башында жетекчиси тарабынан сунушталып кафедрада талкууланып бекитилет. Курстук иштер жетекчи тарабынан текшерилип бааланат жана кафедрада сакталат.

Дене тарбия адистиги боюнча ар бир окуу жылда бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруу пландаштырылган. Бүтүрүү квалификациялык иш тематикалары жетекчилер тарабынан сунушталган жана окуу нагрузкага жараша бөлүштүрүлгөн. Студенттердин Бүтүрүү квалификациялык иш аткаруу боюнча жазылган арыздары тиешелүү папкада сакталуу жана окуу жылда жетекчи менен чогуу иш алып баруу боюнча пландаштырылган.


Карьералык перспективалар

532000 “Дене тарбия” багыты боюнча бакалавр:
– бардык типтеги билим берүү мекемелеринде, спорттук уюмдарда жана жеке менчик уюмдарда мугалим;
– спорттук мектептерде, клубдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү башка уюмдарда машыктыруучу;
– дене тарбия жана спорт жаатындагы жеке менчик уюмдарда уюштуруучулук-башкаруучулук иш-аракеттерге, жеке бизнеске;
– дене тарбия жана спорт жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
– менчиктин ар кандай формасындагы дене тарбия, спорт, спорт жана көңүл ачуу, туристтик, медициналык, калыбына келтирүү жана профилактикалык мекемелерде дене тарбия каражаттары аркылуу милдеттерин ишке ашырууга.
– дене-тарбия жана спорт жаатындагы маданий-агартуу иштеринде иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар.


Студенттик жашоо

Окуудан сырткары кафедрада спорттун футбол, баскетбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, жеңил атлетика, бокс, ордо, дзюдо, күрөш, түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактары уюштурулган. Бул окуу-машыгуу тайпаларындагы студенттерден университеттин курама командасы даярдалып, спартакиада, универсиада, спорттук мелдештерге катышуу менен алдынкы жана байгелүү орундарды камсыз кылып келишет.

Адистикте жалпысынан машыктыруучу-уюштуруучулук жана педагогикалык практика өткөрүлөт. Окуу пландын негизинде 3-курстун 6-семестринде 3 жумалык мөөнөттө машыктыруучу-уюштуруучулук практика бар, бул практикада студенттер шаардык жана областтык өспүрүмдөр спорт мектептеринде практика өтүшөт, жалпысынан машыктыруучулук ишмердүүлүк менен таанышуу иштери жүргүзүлөт. 4-курстун 7-семестринде 5 жумалык мөөнөттө педагогикалык практика өткөрүлөт, негизинен жалпы билим берүү мектептеринде практикада болушат. Бул практикалардын жумушчу программалары өз убактысы менен даярдалып бекитилет.

Практиканын акыркы жумасында студенттердин отчеттору кабыл алынат, сунуштар айтылат жана жыйынтык баа коюлат. Бардык практика боюнча кабыл алынган отчеттор кафедрада сакталуу.


Бүтүрүүчүлөр

2012-ж. бүтүрүүчү Керимкулов Азамат Керимкулович. Эмгек жолун 2012-2013-ж. Х.Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейинде дене тарбия мугалими болуп баштаган. 2013-жылы Ысык-Кол облустук балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорттук мектептин директорунун орун басары болуп дайындалган. 2014-жылы Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Мыкты студент-2012» номинациясынын ээси. Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча спорт чебери. Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча бир нече жолку чемпиону. 2018-жылы Ташкент шаарында өткөн азия чемпионатынын катышуучусу. 2017-жылы Каракол шаарынын мэринин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Кол облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2019-жылы Каракол шаардык мэриясынын төш белгиси менен сыйланды. 2018-жылдан тартып, учурда Каракол шаардык «Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн» башчысы болуп эмгектенет.

2010-ж. бүтүрүүчү Абдрахманов Тилекмат Шаршеналиевич. Ысык-Көл областтык «Жаштар иштери», дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы. 2010-жылы ЫМУнун мыкты студенти, 2012-жылы мыкты мугалим конкурсунун жеңүүчүсү, 2019-жылы Каракол шаардык мэрдин орденинин ээси.

2004-ж. бүтүрүүчү Шазыдаев Каныбек Бөрүбаевич. 2015-жылдан тартып Каракол шаарындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервиндеги мектебинин мүдүрү. Билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жана көптөгөн ардак грамотасынын ээси.

2014-ж. бүтүрүүчү Өмүрбеков Акысбек Орозалиевич. Каракол шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин мүдүрү. Аталган спорт мектептин карате-до боюнча улук машыктыруучусу. Кыргыз Республикасынын карате-до боюнча бир нече спорттун чеберлерин даярдап чыгарган ошондой эле Орто Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиондорун даярдаган. Мисалы: Тойтонова Кымбат карате-до боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Азиянын эки жолку жеңүүчүсү, Дүйнөнүн жеңүүчүсү.

4-курстун студенти Болотбек уулу Адилет карате-до боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Казакстан, Россиянын чемпиону, Дүйнөнүн жеңүүчүсү.

4-курстун студенти Болгонбаев Бакберген карате-до боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Орто Азиянын чемпиону.