Түркиянын КРдагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси жана TTÖMER түрк тилин үйрөтүү борборунун директору ЫМУга иш сапары менен келди

2021-жылдын 19-февралында Түркиянын КРдагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы мырза жана TTÖMER түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Ахмет Гөзүбол мырза К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине түрк тили курстарына мониторинг жүргүзүү боюнча иш сапары менен келип, окуу жайдын ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич жана окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович менен жолугушту. Аскар Асангазиевич Каракол шаарынын жаштарынын түрк тилин үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгилеп, TTÖMER мугалимдерине жана борборуна ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге, ЫМУда Түрк тилин үйрөтүү борборун ачуу жана 2021-жылда ийгиликтүү кызматташуу пландары талкууланды.