К.Тыныстанов атындагы ЫМУ Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган акцияга жигердүү катышкандыгы үчүн Диплом менен сыйланды

2021-жылдын 25-февралында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “Кылымдарга тете из калтырган залкар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган акциясынын жыйынтыгы чыгарылды. Иш чарага ЫМУнун мамлекеттик тил проректору Бактыбек Исаевич Атыгаев катышып келди. Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына жарыяланган 1 айлыктын алкагында К.Тыныстанов атындагы ЫМУ акцияга жигердүү катышкандыгы үчүн КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын Дипломуна ээ болду. Ошондой эле орус филология жана чет тилдер факультетинин ИА-21 тайпасынын студенткасы Азиза Касымовага да англис тилинде тартылган видео ролиги үчүн Диплом ыйгарылды