Студенттер HR тармагындагы эксперт менен жолугушту

2021-жылдын 3-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда студенттердин тренер, коучинг, ЫМУнун ректорунун жаштар саясаты боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Айгүл Иманкулова менен жолугушуусу болуп өттү. Айгүл Иманкулова HR тармагында 11 жылдык тажрыйбасы бар эксперт. Эмгек жолун Кыргызстандагы Түштүк Кореянын жумушка орноштуруу кеңсесинде баштаган. Акыркы 6 жылдан бери Дубайда ири эл аралык компанияда Recruiter – рекрутинг адиси кызматында иштеп келет. Бир нече ай мурун ЫМУнун Карьера борбору менен биргеликте бүтүрүүчүлөргө консультация берүү ишин баштаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айгүл Иманкулова өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, кайсыл гана тармак болбосун ийгиликке жетүү жолдору жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, жашоодо көп нерсеге жетишүүнү каалаган, акылдуу жана амбициялуу студенттер менен иштөөнү жактырарын белгиледи. Студенттер өз кезегинде жумуш издөө, резюме жазуу жана маектешүүдөн өтүү боюнча көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Карьера борборунун жетектөөчү адиси Болот Арзыматов Айгүл Иманкуловага жана бардык катышуучуларга өтө керектүү жана пайдалуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте мындай жолугушуулар университетте тез-тез болуп турарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Айгүл Иманкулова англис тил марафонун 5 шаардын мектептеринде өткөрүп жатат. Ысык-Көл облусу университетибиздин атынан Айгүл Иманкуловага кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана ишиңизге мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.