ЫМУда Айымдардын Эл аралык майрамы жана “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналган майрамдык концерт болуп өттү

2021-жылдын 4-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда 8-март Айымдардын Эл аралык майрамы жана 23-февраль “Ата-Мекенди коргоо” күнүнө арналган куттуктоо концерти болуп өттү. Майрамдык кечеге университеттин жетекчилери жана жалпы окуу жайдын жамааты катышты. Бул майрамдын өзгөчөлүгү ректор Иманбаев Аскар Асангазиевич, Окуу иштери боюнча проректор Токтакунов Жолдошбек Шамуканбетович, Илимий иштер боюнча проректор Зиялиев Кадырбек Жанузакович, Бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич – айымдарды сырттан күтүп алышты жана ар бир айымга роза гүлүн сунуп тосуп турган студенттер майрамдык маанай тартуулады. ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич кызматкерлерди майрамдары менен куттуктап, ишиндеги жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышып айрымаланган кызматкерлерге сыйлык тапшырды. Салтанаттуу кечеге көптөгөн атактуу ырчы-бийчилер катышып, майрамды шаңга бөлөдү. Майрамдын өзгөчө өткөнү кызматкерлерди кубантып, жакшы маанайда тарашты. Кечеде санитардык нормалар толугу менен сакталды.Кош майрамды жогорку деңгээлде уюштуруп, мугалимдердин маанайын көтөргөн. ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевичке терең ыраазычылык билдиребиз!!!