“Ысык-Көл облусунда билим берүү сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш менен камсыз кылуу” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 11-мартында Экономика жана туризм факультети “Ысык-Көл облусунда билим берүү сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш менен камсыз кылуу” темасында тегерек стол өткөрдү. Тегерек стол студенттердин, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жана карьералык өсүшүн камсыз кыла турган билим берүү сапатын жакшыртуу, замандын талаптарына окутуу моделин ыңгайлаштыруу жана факультеттин бизнес-структуралар, мамлекеттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында уюштурулган. Иш-чарага Каракол шаарында жайгашкан коммерциялык банктардын жана туристтик агенттиктердин 20 жетекчиси жана Улуттук банктын Ысык-Көл облустук  башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору катышты.

Тегерек столду илимий иштер боюнча проректор Зиялиев Кадырбек Жанузакович ачып берди. Өз сөзүндө проректор иш берүүчүлөрдү өз ара кызматташууга чакырып, бүгүнкү студенттер – ишканалардын эртеңки кызматкерлери экендигин белгиледи. Андан соң докладдарга орун берилди. Факультеттин деканы Ч.С.Карыбаева “Кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуудагы практиканын ролу” темасында; бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана карьера боюнча жетектөөчү адиси Б.М. Арзыматов “Карьера жана жумушка орноштуруу борборунун негизги функциялары” темасында; Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору А.З.Асанбаев “Ысык-Көл облусундагы банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү” темасында; “Демир Кыргыз Интернешнл Банк-Каракол” ЖАК филиалынын директору Р.Ж.Кыргызбаев “Эл аралык коммерциялык банктын Ысык-Көл облусунун экономикасын жана туризмин өнүктүрүүдөгү ролу” деген темада, “Айыл Банк” ААКтын директору Т.Осмонов “Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда иш берүүчүлөрдүн ролу” темасында, “Transfer Service Team” туристтик агенттигинин директору К.А. Баратов “Окуу системасындагы көйгөйлөр” темасында доклад окушуп, талкуу жүргүзүштү.

“Экономика, каржы жана салык салуу” кафедрасысын башчысы Малаев Э., “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын башчысы Амантурова Ч.К. жана “Туризм жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасынын ага окутуучусу Күчүкова А.  ар бир кафедранын окуу программалары тууралуу айтып беришти. Ал эми иш берүүчүлөр окуу программаларынын негизинде өзүлөрүнүн сунуштарын киргизишти.

Тегерек столдун аягында билим сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш менен камсыз кылуу максатында окутуучулар жамааты жана жумуш берүүчүлөр резолюция кабыл алышты.