Каракол шаарынын мэриясында “Улуттук баалуулукту унутта калтырба” темасында тегерек стол болуп өттү

2021-жылдын 12-мартында Каракол шаарынын мэриясында 21-март Нооруз майрамына карата “Улуттук баалуулукту унутта калтырба” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ф.и.д., профессор Дунканаев Абдыкалык Токтогулович “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада доклад окуду. Иш-чаранын жүрүшүндө ЫМУнун студенттери жана орто окуу жайлардын студенттик уюмунун жана лицей парламентинин мүчөлөрү улуттук үрп-адат, каада-салт, улуттук оюндар, улуттук баалуулуктардын негизинде докладдарын окушту.