Акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевге сыйлык тапшыруу аземи

2021-жылдын 11-мартында акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиев “Международная академия русской словесности” уюмуна жана “Россия Жазуучулар союзуна” мүчө катары кошулуп, ошону менен бирге “Россия жазуучулар союзунун” “Есениндик алтын медалына” ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өттү. Иш-чарага университет тарабынан мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Атыгаев Бактыбек Исаевич, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана карьера боюнча башкы адис Арзыматов Болот Мамбеттурдиевич жана ошондой эле Мусакун агайдын калемдештери, санаалаштары, туугандары катышты. Мусакун агай сыйлыкты тапшыруу демилгесин көтөрүп, көп күч аракет жумшаган Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясына, ассоциациянын вице-президенти Сабаева Жамалкуль Турдакуновнага, “Москва кайрыктарына” жана ЫМУнун жамаатына ыраазычылыгын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз филологиясы, педагогика жана искусство факультетинин, Орус филология жана чет тилдер факультетинин студенттери Мусакун агайдын калемине таандык ырларды көркөм окуп, агайга куттуктоо сөздөрүн арнашты. Сыйлык ыйгаруу аземинин соңунда Мусакун Сатыбалдиев университеттин китепканасына өзүнүн китептерин белек кылып, окуу жайга жана студенттерге албан ийгиликтерди каалап өттү.