Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырзанын “Манас-Алтай тоолорунун арстаны” романынын бет ачары болуп өттү

2021-жылдын 15-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Манас кабинетинде” Түркиянын белгилүү жазуучу, адабиятчы жана фольклор таанучусу проф. д-р Хайреттин Ивгин Мырзанын “Манас-Алтай тоолорунун арстаны” романынын бет ачары болуп өттү. Автор романдын үстүндө 40 жылдан ашуун эмгектенип, изилденип жазган. Буга чейин түрк, азербайджан, өзбек тилдеринде басылып чыгып, бул ирет кыргыз тилинде жарык көрдү.Иш-чара китептин автору Хайреттин Ивгин Мырза, “Хажи Бекташ” маданий борборунун төрагасы Мустафа Өзживан Мырза, мамлекеттик ишмер Айхан Насухбейоглу Мырза, ЫМУнун ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич, китептин редактору Акылбек Халбеков, Кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетинин профессордук жамаатынын жана студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чара Канатбеков Эмирдин “Манас” айтуусу менен башталды, андан соң проф. д-р Хайреттин Мырза китеп менен тааныштырып, романдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. ““Манас” эпосун дүйнө жүзүндө көбүрөөк окурмандарын тапсын деген максатта роман жанрында жаздым. Казат эпизоддорун азайтып, кыргыз маданиятын алдыңкы планга чыгардым”, -деп билдирди жазуучу. Ошондой эле, китептин бет ачарынын коноктору Мустафа Өзживан Мырза, жана Айхан Насухбейоглу Мырза “Манас” эпосу жана “Манас-Алтай тоолорунун арстаны” романы тууралуу ойлору менен бөлүшүп, Манас баатырдын эрдиктери тууралуу фильм тартуу керек экендигин белгилеп өтүштү. Окуу жайдын окутуучулар жамааты проф. д-р Хайреттин Ивгинге ыраазычылыктарын билгизип, кызыккан суроолорун узатышты.

Жолугушуунун соңунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскар Асангазиевич Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы мамиленин чыңдалышына салым кошкондугу жана окуу жай менен тыгыз алакада иш алып баргандыгы үчүн Хайреттин Ивгин Мырзага, Мустафа Өзживан Мырзага, Айхан Насухбейоглу Мырзага “Ыраазычылык кат” жана Акылбек Халбековго “Ардак Грамота” ыйгарды.