Немец тили боюнча китептердин презентациясы болуп өттү

2021-жылдын 17-мартында орус филология жана чет тилдер факультетинде Алматыдагы Гёте-Институту тарабынан берилген немец тили боюнча китептердин презентациясы болду. Иш чарага ректор Аскар Асангазиевич Иманбаев, декандар жана факультеттин окутуучулары катышты. Факультеттин деканы Назгуль Кусуевна Абдыракматова китептердин презентациясын жасап, келген каражаттар аркылуу немец тилине окутуу боюнча кыскача мастер класс көрсөттү.