ЫМУнун бүтүрүүчүлөрү студенттерге конок лекция өтүштү

2021-жылдын 17-мартында ЫМУнун Экономика жана туризм факультетинин “Финансы жана кредит” жана “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү, азыркы учурда Капитал банктын кызматкерлери Керимкулова Нурзат жана Зарылбаева Гульнура экономика жана туризм факультетинин студенттерине “Финансылык сабаттуулук” темасында лекция өтүштү. Студенттер үчүн практикалык жактан абдан кызыктуу болуп, көптөгөн суроолор берилди.