ЫМУ менен ЖАМУ конок лекцияларды уюштурууда

2021 -жылдын 18-мартында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Башталгыч билим берүү адистигинин жана ЫМУнун алдындагы колледжинин студенттерине Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д. Сакиева Сайипжамал Салайдиновна “Башталгыч класста эне тилин окутуунун актуалдуу проблемалары” деген темада конок-лекция окуду.

Башталгыч билим берүүнүн методикасы жана педагогика адистигинин студенттери менен бирге колледждин педагогика адистигинин студенттери лекцияны бир дем менен угушту. Студенттер кызыккан суроолорун беришип, кеӊири маалыматка ээ болушту. Айрым студенттер академиялык мобилдүүлүк боюнча ЖАМУга барып, бир семестр ичинде жакындан таанышып, билим алууну көздөгөндүгүн билдиришти. Ошол эле учурда ЖАМУнун студенттерин ЫМУга чакырууга жетишишти. Башталгыч билим берүү кафедрасынын башчысы, доцент Байтикова Тилек Аянбаевна жана колледждин директору, доцент Абыласынова Гүлайим Изагалиевна лекторго тереӊ ыраазычылыгын билдиришти. Ал эми студенттер лектор Сакиева Сайипжамал Салайдиновнага жана конок -лекцияны уюштурган улук окутуучу Омурзакова Карамат Кудайкуловнага ырахматын айтышты.